ТАЛАСТЫК ОКУУЧУЛАР КМКТАУДА ЭКСКУРСИЯДА

  • 11.11.2021
  • 0

10-ноябрда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине Талас районунун Байсейит уулу Эшмамбет атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары экскурсияга келип кетишти.  

Мейманга келген окуучуларга университет тууралуу видеоролик тартууланып, Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Болотов кеңири маалымат берип, окуучулардын суроолоруна жооп берди. Окуучуларды университетке  Жаңы маалыматттык технологиялар институтунун ИСТ адистигинин 2006-жылдагы бүтүрүүчүсү Чоро уулу Нурдин демилгелеп, алып келди. Нурдин 2011-жылдан тартып бул мектепте информатика, математика мугалими болуп эмгектенип келет. Анын окуучуларынын арасында республикалык олимпиадаларда информатикадан 1-орунду, математикадан 2-орунду ээлегендери да бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер