ТАЛАСТЫК ОКУУЧУЛАР “АЛТЫН  БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛУУДА

  • 12.06.2024
  • 0

Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 24-апрелиндеги буйругунун негизинде жаш муундун сергек жашоо мүнөзүн жүргүзүүгө, ак ниет эмгекке, укуктук, экологиялык жана эстетикалык тарбия алууга багыттоо менен бирге жайкы эс алуу мезгилинде өзүн-өзү өнүктүрүү аркылуу кызыктуу убакыт өткөрүү жана ден соолуктарын чыңдоо үчүн  республикадагы 10 жаштан 14 жашка чейинки окуучулардын  жайкы эс алуусу Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жатат.

ТАЛАСТЫК ОКУУЧУЛАР “АЛТЫН  БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛУУДАТАЛАСТЫК ОКУУЧУЛАР “АЛТЫН  БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛУУДА

ТАЛАСТЫК ОКУУЧУЛАР “АЛТЫН  БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛУУДАТАЛАСТЫК ОКУУЧУЛАР “АЛТЫН  БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛУУДА

Талас облустук усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенованын маалыматы боюнча,  Талас облусу боюнча төрт райондон талаптарга ылайык келген 110 окуучу жана 10 коштоп баруучу бүгүнкү күндө лагерде эс алышууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер