ТАЛАСТА ОРУС ТИЛИ БОЮНЧА ОЛИМПИАДА ӨТӨТ
- 09.11.2023
- 0
2023-жылдын 13-ноябрында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте М.Акмулла атындагы олимпиадасы орус тили боюнча Талас облусунун жалпы билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын окуучулары үчүн олимпиада өткөрүлөт.
— Олимпиаданын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы кол коюлган келишимди ишке ашыруунун алкагында биздин республикада иштей турган биргелешкен билим берүү уюмдары үчүн педагогикалык кызматкерлерди даярдоо. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана медалистери III Эл аралык жайкы М.Акмулла атындагы Башкир мамлекеттик университетинин окуу жайына бюджеттик бөлүмүнө студент болуп кабыл алынат, — дейт Талас райондук усулдук борборунун жетекчиси С.Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер