“ТАЛАСТА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК”

  • 22.08.2023
  • 0

Бүгүн Талас шаарында облустук мугалимдеринин август кеңешмеси өтүп жатат. Кеңешмеге билим берүү министри Каныбек Иманалиев катышып, сөз сүйлөдү.

“ТАЛАСТА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК”

“ТАЛАСТА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК”

“Өткөндө Талас облусунун мектеп директорлору менен жолукканда айттык эле. Тилекке каршы, биз күткөндөй болгон жок. Бүгүн ошол маселелерди ачык айтып, туура диагноз койбосок, кийинки жылы да кайталанышы ыктымал.

“ТАЛАСТА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК”

Дүйнө азыр кескин өзгөрдү. Кезегинде билим берүүнүн лидерлери державалар болчу: Америка, Великобритания, Япония, Кытай. Акыркы беш жылда билим берүү тармагы болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Дүйнөдө билим берүү боюнча алдыга кеткен чакан өлкөлөр: Эстония, Финляндия, Уругвай. Кичинекей өлкөнү көтөрүү оңой. Жакынкы 8-10 жылда робот адамдарды, т.а.  800 млн адамды жумушсуз калтырат. Ошондо биз эмне кылабыз? Билим бербесек чоң ката кетирген болобуз.

1994-жылы 1-класска 22 миң бала барчу. Быйыл 1-класска 186 миң бала барат. Буюрса, калкыбыз өсүп жатат. Бирок мамлекеттин бюджети ошонун баарына  бала бакча салып бергенге жетишпей жатат. Эмне үчүн бала бакча салышыбыз керек? Бала бакчага барган бала менен барбагандын айырмасы эки эсе эмес, 16 эсе көп. Уругвайда 5 жаштан баштап баланы окутат. Эстония алты жаштан баштайт.

“ТАЛАСТА БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК”

Мен Президенттик аппаратта иштеп жүргөн 1994-, 95-, 96-жылдары окуучулардын предметтик олимпиадасында Талас Бишкек менен тең тайлашчу. 1994-жылы Талас лицейин 15 бала бүтсө, 8 алтын медаль болгон. Бир мектептен, болгондо да бир класстан. Азыр бүт Талас облусу биригип 5 алтын аттестат алды.  Бир дагы окуучуну күнөөлөбөйм. Күнөө Билим берүү жана илим министрлигинде, райондук, шаардык билим берүү мекемелеринин жетекчилеринде. Демек, кайсы мектепте ахывал начар болсо методисттер ошол мектепке барып, тренингдерди өткөрүш керек.

14 пайыз гана мугалимдер кайра даярдоо курсунан өтүп келген. Азыр биз 80% чыгарып жатабыз. Талас облусундагы мугалимдер 100% кайра даярдоодон өткөрүлсүн.

Кесиптик-техникалык окуу жайлар дагы Таласта эң акыркы орунда турат. Беш лицейге 1551 бала өтөт. Анын 50% 2-курсту бүтпөй кетет. Калганынын 25% гана өз кесиби менен иштеп жатат. Ошондо мамлекет 75% күйүп жатпайбы. Мамлекет акча берип жатат, мугалимдин айлыгын төлөйт. Кыргызстанда 1 млн 600 адам мектепти бүткөн, мамлекет акча берген, бирок алар кесип алган эмес. Эгерде биз кесип бере албасак, алар кайра мамлекеттин мойнуна түшөт.

Эң көйгөйлүүсү — Талас мамлекеттик университети. Ушул окуу жайдан мугалимдер даярдалып, айылдарга кетет. Таластын абийирин сактап турган балбан кыздар, көк бөрүчүлөр, анан Бектур агай!“

Окурманга белгилүү болгондой, Талас мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталып, козголгон кылмыш ишинин алкагында университеттин ректору У.А.Ш. жана башкы эсепчиси К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине жети миң сомдон акчалай сыйлыкты, анын алты миңин кайра кайтаруу шарты менен ыйгарып турганы аныкталган. Мындан сырткары аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алган. Ошондой эле ректор жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып алып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден акча чогултуу менен алектенген деген  фактыларга байланыштуу учурда ишти тергөө, зыяндын көлөмүн аныктоо иштери уланып жатат. Так университетте келечек муунга билим берүүчу агартуучулар окушат. Андыктан бул жогорку окуу жайда билим берүү сапатын жогорулатуу маселеси күндүн регламентинде турат. Ал эми Талас облусу боюнча быйыл беш гана окуучу «Алтын аттестатты» тастыкташса, эки окуучу  ЖРТдан 200дөн жогору балл алган. Андыктан билим берүү сапаты өтө төмөн болгонуна министр Каныбек Иманалиевдин ичи кайышып жатканы дагы жөндүү. Ал  быйыл  80% мугалимдердин билимин жогорулатууга чакырды. «Ноокат» билимканасынан тажрыйба алмашууга барууну сунуштады. Ошондой эле Талас облусунан чыккан академик, Эл мугалими Аманбек Жайнаков, эл мугалими Бектур Исаков, белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков сыяктуу дөө-шаалардын духу менен Талас облусунун билим берүү тармагын көтөрүүнү министр мырза баса белгиледи.
Баса, мугалимдердин август кеңешмеси  жер-жерлерде өтүп жатат. Бишкек шаарында республикалык август кеңешмеси 28-29-августта өтөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер