ТАЛАС РАЙОНУНУН АК-САЙ АЙЫЛЫНДАГЫ №110 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 04.07.2018
  • 0

ТАЛАС РАЙОНУНУН АК-САЙ АЙЫЛЫНДАГЫ №110 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

2018-2019-окуу жылына учурдун эң керектүү кесиптерин окутууга абитуриенттерди чакырат.

№110 кесиптик лицейи эмгек рыногунун талабына жооп берген жогорку чеберчиликтеги жумушчу адистерди даярдайт.

  1. Бюджеттик негизде 3 жылдык мөөнөт менен (9-класстын базасында).
  • “Айыл чарба өндүрүшүнүн устаты” (Фермер).

Окуу жайды бүткөн окуучулар төмөндөгүдөй документтерди алышат.

  1. Орто билими тууралуу аттестат.
  2. Мамлекеттик үлгүдөгү диплом.
  3. “А, Б, В, Г, Д” категориясындагы тракторист-машинист айдоочулук күбөлүгү.
  4. “С” категориясындагы автомобиль айдоочу.
  • “Тигүүчү”.

 Окуу жайды бүткөн окуучулар төмөндөгүдөй документтерди алышат.

  1. Орто билими тууралуу аттестат.
  2. III разряддагы тигүүчү кесиби боюнча мамлекеттик үлгүдөгү диплом.
  3. “С” категориясындагы айдоочу.
  4. Бюджеттик негизде 10 айлык мөөнөт менен (11-класстын базасында).
  • “Газэлектрширетүүчү”, “С” категориясындагы автомобиль айдоочу.

Окуу жайды бүткөн окуучулар төмөндөгүдөй документтерди алышат.

  1. III разряддагы электр-ширетүүчү кесиби боюнча мамлекеттик үлгүдөгү диплом.
  2. “С” категориясындагы автомобиль айдоочу.

Окуу заманбап жабдылган окуу кабинеттеринде жана окуу өнөрканаларында жүргүзүлөт. Инженердик-педагогикалык кызматкерлер курамы талапка жооп берет. Тарбиялык иштердин бардык түрлөрү жүргүзүлөт.

9-класстын базасында келген бюджеттик негизде окуган окуучулар жатакана жана 3 маал ысык тамагы менен камсыздалат.

Окуган окуучуларга сабактардын жетишүүсүнө жараша 200 сомдон 300 сомго чейин стипендия төлөнөт. Окуу мезгилинде балдар аскер кызматынан бошотулат.

 

  1. Контракттык негизде 3 айлык кыска мөөнөт менен (9, 11-класстын базасында).
  • “Ашпозчу”;
  • “А, Б, В, Г” категориясындагы “Тракторист-машинист”;
  • “Газэлектрширетүүү”;
  • “Тигүүчү”;
  • “Бычмачы”;
  • “С, В” категориясындагы автомобиль айдоочу;
  • “В” категориясындагы автомобиль айдоочу;
  • “Персоналдык компьютердин оператору”;
  • “Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү”;
  • “Жеңил автоунаа оңдоочу слесарь-механик”;

Окуу жайды бүткөн окуучулар кесиби боюнча мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттарды алышат.

Окуу жайга кирүү үчүн төмөндөгү документтер керектелет:

1) Билими жөнүндө документ;

2) Медициналык справка (ф. №086);

3) Жашаган жеринен аныктама;

4) Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

5) Сүрөт 3х4 (4 даана).

Талас району, Ак-Сай айылы, Манас көчөсү №58. №110 кесиптик лицейи.

Байланыш телефондору:  0 772-00-32-42,  0701-70-71-00,      0701-70-71-10,      0703-16-18-19.                                                       

Бөлүшүү

Комментарийлер