ТАЛАС, ЧҮЙ, НАРЫН ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТАРЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ БОЮНЧА ТЕНДЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 08.02.2023
  • 0

Бүгүн, 8-февралда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын райондук мамлекеттик администрацияларынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн форматта кеңешме өткөрдү.

ТАЛАС, ЧҮЙ, НАРЫН ЖАНА ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТАРЫНДАГЫ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ БОЮНЧА ТЕНДЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮҮ ТАЛКУУЛАНДЫ

Кеңешменин катышуучулары Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында жамааттык бала бакчалардын бөлмөлөрүн реабилитациялоо жана санитардык түйүндөрдү куруу боюнча тендерлер тууралуу маалымат алышты.

Тендер аталган төрт облустагы 220 бала бакча үчүн 54 лотту камтыйт.
Талас облусу боюнча тендер —  https://edu.gov.kg/announcements/189/
Чүй облусу боюнча тендер —  https://edu.gov.kg/announcements/188/
Нарын облусу боюнча тендер —  https://edu.gov.kg/announcements/184/
Ысык-Көл облусу боюнча тендер —  https://edu.gov.kg/announcements/185/

Бөлүшүү

Комментарийлер