ТАЛАНТТУУ ЖАЗУУЧУНУН ЖАҢЫ КИТЕБИ

  • 14.05.2022
  • 0

2022-жылы 11-майда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын ээси, жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Балакана” аталышындагы китебинин бет ачаары болуп өттү.

ТАЛАНТТУУ ЖАЗУУЧУНУН ЖАҢЫ КИТЕБИ

Иш-чарага өлкөнүн белгилүү жазуучулары, окумуштуулар, адабиятчылар, журналисттер жана окурмандар катышты.

Ысмы Ала-Тоо аймагына жакшы тааныш адабиятчы окумуштуулар, жазуучулар жаңы китеп тууралуу баяндама жасашты. Алар Т.Шайдуллаеванын китебине өздөрүнүн пикирлерин билдирип, адилет баасын беришти. КР Эл жазуучусу М.Абакиров автордун стилист жазуучу экендигин айтса, КР Илимдер академиясынын академиги, адабиятчы О.Ибраимов “Балакана” китеби учур адабиятындагы «жаңы сөз, көркөм ачылыш» деп баалады.

ТАЛАНТТУУ ЖАЗУУЧУНУН ЖАҢЫ КИТЕБИ

Ошону менен бирге иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелерин козгоп, өз ойлорун бөлүштү.
“Балакана” китеби Т.Шайдуллаеванын кийинки маалда жазган жаңы аңгемелерин камтыйт. Бул чыгармаларда автор азыркы кыргыз коомундагы аялзатынын күчтүү образдарын жаратуу менен коомчулукту гуманизмдин жана адилеттиктин идеяларына чакырат.
Белгилей кетсек, кыргыз аялдар прозасынын көрүнүктүү өкүлү, таланттуу жазуучу Т.Шайдуллаева мындан тышкары “Жан шерик” (2000), “Акылкасас” (2008), “Кызыл өрүк” (2017), “Всему свое время” (2017) китептеринин автору болуп эсептелет.

Атайын кабарчы

Бөлүшүү

Комментарийлер