ТҮРКИЯНЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ ОШТУДА
- 28.04.2026
- 0
Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмү Инновациялык маалыматтык технологиялар институту менен биргеликте Түркия Республикасынын Balıkesir University университетинен келген окумуштуулар менен жолугушуу уюштурду.
Иш-чаранын алкагында профессор-доктор Айхан Истанбуллу жана профессор-доктор Мехмет Өзжан студенттер жана окутуучулар үчүн конок лекцияларын өткөрүштү. Лекцияларда компьютердик инженериянын заманбап багыттары, жасалма интеллект жана сунуштоо системалары боюнча актуалдуу темалар кеңири талкууланды.
Конок лекциялар студенттерге жана жаш окумуштууларга эл аралык тажрыйба менен таанышууга, жаңы билимдерди алууга жана илимий изилдөөлөргө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен илимий макалаларды даярдоо, эл аралык жана инновациялык долбоорлордун үстүндө иш алып баруу боюнча макулдашууга жетишти. Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүү жана тажрыйба алмашууну күчөтүү маселелери талкууланды.
Бул иш-чара илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана Ош технологиялык университетинин эл аралык байланыштарын чыңдоого маанилүү салым кошот.
ОшТУнун басма сөз кызматы.





Комментарийлер