ТҮРКИЯДАГЫ БООРДУ ТРАНСПЛАНТАЦИЯ КЫЛГАН АТАКТУУ УНИВЕРСИТЕТТИН РЕКТОРУ БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

  • 15.08.2018
  • 0

Түркиядагы боорду трансплантация жасоо боюнча атагы чыккан Иненю университетинин ректору Ахмет Кызылай Кыргызстанга келет. Ал Бишкекте кыргыз дарыгерлери жана расмий адамдар менен жолугушууларды өткөрүп, өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүп, кызматташтыкты түзүү маселелерин талкуулайт.

ТҮРКИЯДАГЫ БООРДУ ТРАНСПЛАНТАЦИЯ КЫЛГАН АТАКТУУ УНИВЕРСИТЕТТИН РЕКТОРУ БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

Иненю университетинин ректору Ахмет Кызылай

Малатьядагы дүйнөгө таанымал университеттин жетекчисинин Кыргызстанга сапары жөнүндө бул окуу жайда иштеген түбү кыргызстандык профессор Закир Азизов жана бул университеттин ооруканасына дарыланууга барган кыргыз жараны Курманкожоев Муканбайдын ректор Ахмет Кызылай менен болгон расмий жолугушуусунда макулдашылган.

Соңку жылдарда саламаттыкты сактоо кызматы жана органдарды трансплантациялоо тармагында Түркия дүйнөдө алдыңкы орундарга чыгууда. Жогорку квалификациялуу хирургдар иштеген алдыңкы технология менен жабдылган медициналык борборлорго дүйнөнүн ар кайсы бурчунан миңдеген оорулуу адамдар барып дарыланып, сакайып кетүүдө.

Малатья шаарындагы Иненю университетинин ооруканасы боорду трансплантация жасоо боюнча Түркия эле эмес, Европада да биринчи орунда турат. Бул университет 1975-жылы ачылган.

Иненю университетинин Тургут Озал  медицина факультетинин трансплантация жасоо институту боорду трансплантация жасоо боюнча тогуз жылдан бери Европадагы ооруканаларга биринчиликти бербей келет.

Түркияда медициналык билим берүү окутуу менен гана чектелбестен, университеттерге тиешелүү ооруканалар ачылып, жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүп жатышат. Студенттер теориялык билим алуу менен катар аны практика жүзүндө колдонуп, такшалганга тийиштүү шарттар камсыз кылынган. Мындай абалда кадрларды сапаттуу даярдоо менен бирге саламаттыкты сактоо тармагы да өнүгүүдө.

Иненю университетинин ректору Ахмет Кызылайдын айтуусу боюнча Тургут Озал атындагы медициналык борбору боор, бөйрөк, ичке ичеги, уйку без жана башка органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзөт, алкоголизмден, инфекциялык оорулардан айыктырат. Акыркы технология менен жабдылган хирургия жана онкологиялык бөлүмдөрү, лабораториясы иштейт жана реанимация жаатында дагы кызмат көрсөтөт.

Түркия боюнча жалгыз гана Инөнү университетинин Тургут Озал медициналык борборунда боорду алмаштыруучу оорукана бар. Аталган оорукана 150 орунга эсептелген. Оорукана кызматтарын өлкөдөгү жарандар гана эмес, чет мамлекеттерден да келип пайдалангандар көп. Оруулуулардын 20 пайызы башка мамлекеттерден келип дарылангандар.

ТҮРКИЯДАГЫ БООРДУ ТРАНСПЛАНТАЦИЯ КЫЛГАН АТАКТУУ УНИВЕРСИТЕТТИН РЕКТОРУ БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

Иненю университетинин Тургут Озал медициналык борбору

“Боорду трансплантациялоо боюнча биздин оорукана Түркияда дагы, Европада дагы биринчи орунда турат. Операциябыздын 90 пайызы ийгиликтүү өтөт. Американын ооруканаларында боорго жасалган операциянын саны биздин борбордо жасалган операциялардын санына жетпейт. Себеби, Америкада боорду каза болгон адамдан гана алышат. Жандуу адамдын боорунун жарымын алып, оорулууну сактап калуу анча өнүккөн эмес. Анткени дарыгерлер тобокелге баргысы келбейт жана адамдар жакындарына боорунун жарымын берүүгө макул болушпайт,”-дейт Ахмет Кызылай.

Боорду трансплантациялоо боюнча жооптуу дарыгер, профессор, доктор Сезай Йылмаз акыркы убактарда Саламаттыкты сактоо министирлигинин, трансплантация борборлорунун жана жарандык коом уюмдарынын жардамы менен дал келген органдарды табуу бир аз жеңилдегенин айтты.

“Эң чоң көйгөй бейтапка дал келүүчү боор табуу болуп эсептелет. Эгерде донор болчу жакындары жок болсо, каза болгон адамдын органын алууга жакындарынын макулдугун күтүүдөн башка айла жок. Бирок, акыркы жылдарда Саламаттыкты Сактоо Министирлигинин, трансплантация борборлорунун жана жарандык коом уюмдарынын жасаган иш чараларынан аркасында донор болуу жөнүндө коомчулуктун пикири жакшырып, донор болууга макул болгондордун саны арбыды”,- деди боорду трансплантациялоо боюнча жооптуу дарыгер Сезай Йылмаз.

Иненю университетинин ооруканасына дарылануу үчүн барган кыргыз жарандары дагы боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү аяктап, сакайып келип жатышат. Соңку эле мисал, “Кыргызайыл көмөк” акционердик коомунун мурунку башкы директору, коомдук ишмер Муканбай Курманкожоевдин бооруна операция жасалып, ийгиликтүү бүттү.

Аталган ишмер Иненю университинин медициналык кесиптик деңгээлинин жогору экенин белгилеп, түркиялык дарыгерлерге өзүнүн чоң ыраазылык сөздөрүн арнап жатат.

 

Кубатбек Чекиров, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер