ТҮРК ЭЛДЕРИНИН САЛТТУУ ОЮНДАРЫ

  • 22.11.2018
  • 0

«Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын» алкагында уюштурулган «Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары» аттуу III Эл аралык cимпозиум 22-23-ноябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтөт.

Анын негизги максаты —  түрк элдеринин салттуу спорттук оюндарын илимий жактан терең жана ар тараптуу изилдөө аркылуу пикир алмашуу, салттуу спорттук оюндардын келип чыгышы, калыптануусу, тарыхый-этнографиялык мааниси жана жалпы түрк калктарынын дүйнө маданиятына кошкон салымын кеңири талкуулоо.

Бул жылкы симпозиумга Кыргызстандан тышкары Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Азербайжан, АКШ өңдүү мамлекеттерден 100гө жакын окумуштуу катышып, илимий баяндамаларын сунуштайт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер