Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жол жабылды

  • 25.08.2023
  • 0

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинин 254-255-чыкырымына көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, жол жабылды

Маалыматка ылайык, жолду жаап калган таштын көлөмү 5000 м3 түзгөн.

Көчкүнүн кеспетинен жабыркагандар жок. Жакын жерде калган 30-40 киши чыгарылган.

Учурда жолдуу тазалоо иштери жүрүүдө.

Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолун куруу 2015-жылы башталган жана долбоорго 937 миллион долларлык насыя алынган (46 миллиону – грант). Бул каражаттын 560 миллиону өздөштүрүлгөн деп айтылган болчу. Негизги инвесторлор – Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер