Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата иш чаралар өтүүдө

  • 21.11.2023
  • 0

Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата иш чаралар өтүүдө

Кыргыз Эл акыны, коомдук ишмер, котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата илимий конференция КӨЭАУнун чоң актылар залында өткөрүлдү.

Аталган конференцияга КӨЭАУнун, ОшМунун көрүнүктүү окумуштуулары, студенттер, Т.Байзаковдун туугандары катышты. Илимий конференциянын катышуучулары алгач Кыргыз Эл акыны Т.Байзаковдун бейнесин чагылдырган видео тасмага күбө болушту. Окуу жайдын илимий иштери боюнча проректору Медербек Исманов Түмөнбай Байзаковдун өмүр таржымалына токтолуп, конференциянын ишине ийгиликтерди каалады.

Филология илимдеринин доктору, профессор Гулина Жамгырчиева, Түмөнбай Байзаков кыргыз элине жасаган эмгегинин артынан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык алгачкы жолу «Эмгектин баатыры» наамына ээ болгонуна токтолуп, анын чыгармачылыгы тууралуу жаштарга кенен баяндап берди.

Кино режиссёр Рысбек Жабиров Т.Байзаковго арнап жазган «Жыйнак» аттуу эки томдук китебин КӨЭАУнун китеп казынасына белекке тапшырды. Белгилей кетсек бүгүн Ош шаарында Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата эскерүү кечелери өтүп жатат.

Түмөнбай Байзаков 1923-жылы 23-сентябрда Сузак районундагы Барпы айылында туулган.

Т.Байзаков 1940-жылы айылдык мектептин 7-классын аяктагандан кийин Сузак районундагы Крупская атындагы жети жылдык мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык техникумга сырттан окууга өтөт.

1942-жылдын башында Советтик Армиянын катарына чакырылып, десанттык бөлүктөрдө аскердик милдетин аткарат. Ленинград багытындагы салгылашууларга катышып, 1943-жылы катуу жарадар болуп, өз айылына кайтып келет да мугалимдик ишин улантат.

1944–1950-жж. жети жылдык мектепте директор, райондук гезитте редактор болуп иштейт.

Т.Байзаков 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, Кыргызстан КП БКнын алдындагы республикалык партиялык мектепте мугалим болуп дайындалат.

1955-жылдан көркөм адабият менен байланыш кызматтарында иштейт.

Т.Байзаковдун «Тилегим» деген ыры 1946-жылы Жалал-Абад облусунун «Большевиктик жол» гезитине биринчи жолу басылып чыккан. Ошондон баштап, ырлары, поэмалары, котормолору, очерктери, макалалары басма сөздө үзгүлтүксүз жарык көргөн.

Т.Байзаков кыргыз адабиятынын классиктеринин бири Барпынын чыгармаларын жыйноодо зор эмгек сиңирген.

Муса Жалилдин, Максим Рыльскийдин, Хамид Алимжандын, Миртемирдин, Зульфиянын, Пулат Толистин, Каю Тангрыкулиевдин, Баки Рахим-Заденин, Мухаамадийдин чыгармаларын которуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан.

Бөлүшүү

Комментарийлер