СЫНАКТЫН МӨӨНӨТҮ УЗАРТЫЛДЫ
- 11.08.2025
- 0
Академиялык Инновациялык фонд каржылаган грантка өтүнмөлдөрдү кабыл алуу мөөнөтү 21-августка чейин узартылды. Бул тууралуу КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин стратегиялык өнүктүрүү, мониторинг жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Мустапакулова билдирди.
Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, 2025-жылдын 14-августунда пландалган биринчи этаптын аякталышы жайкы эмгек өргүүлөрүнүн мезгили менен дал келип калгандыктан, долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2025-жылдын 21-августуна чейин узартылган. Бул көп университеттерге жана илимий топторго сапаттуу жана атаандашууга жөндөмдүү концепцияларды даярдоого мүмкүнчүлүк бермекчи.
Айсулуу Мустапакулованын айтымында, гранттын максималдуу суммасы — 200 миң АКШ доллары, ал эми бир суб-долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 36 айга чейин (үч жыл) болот. АИФ гранттык программасынын жалпы бюджети 4 миллион АКШ долларына жакын.
Пресс конференциянын катышуучуларынын пикиринде, бул жогорку окуу жайларын улуттук экономиканын жана коомдун муктаждыктарына жооп бере алган инновациялык академиялык жана изилдөө долбоорлорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга стимул берет.
Көңүл бурула турган багыттар: климаттын өзгөрүшү, жашыл технологиялар жана аял изилдөөчүлөр жетектеген демилгелерге байланышкан долбоорлор болуп эсептелет. Бул ыкма туруктуу өнүгүү, инклюзивдүүлүк жана жыныстык теңдик принциптерине берилгендигибизди чагылдырат.
Өтүнмөлөр кабыл алынгандан кийин, кабыл алуу критерийлерине туура келген мыкты идеялардын авторлору экинчи этапка чакырылат. Экинчи этап 2025-жылдын 30-октябрына чейин уланат жана ушул мезгил ичинде АИФ Секретариаты катышуучуларга деталдуу сунуштарды даярдоого жардам берүүчү максаттуу семинарларды өткөрөт.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер