СЫНАК ТАЗА, АДИЛЕТТҮҮ ӨТТҮ

  • 24.01.2023
  • 0

Республика боюнча 2021-жылы 10 акылдуу мектеп долбоору ишке ашкан. Ошол акылдуу мектептин бирөөсү — Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жайгашкан Ү.Акынбеков атындагы орто мектеп.  Жакында өткөн мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлгөн республикалык сынактын 2-этабы ийгиликтүү аяктады.

СЫНАК ТАЗА, АДИЛЕТТҮҮ ӨТТҮ

Бакай-Ата Мурас жаштар бирикмесинин мүчөлөрү атайын мектепке барып, канчалык деңгээлде сынак таза, адилеттүү өтүп жатканына күбө болуп кайтышты. Бирикменин мүчөсү  Батырбашытегин Азамат Фейсбук баракчасына мындай деп пост жазды:

“Биз мектеп директору Шабданова Ратгүл  эже менен билим жаатында жана долбоор боюнча жакшы маек курдук.  Бир башчынын колунан эмне келет? – деди эже.  Мен айткым келет көп нерсе келет экен. Мурда олимпиада туура өтпөй,  чынчылдык жок деген сөздөр айтылчу.

Бул сынак жогорку деңгээлде өттү.

Биринчиден, мугалимдерди окуучулар менен контакт кылдырбайт экен. Коридордо  атайын байкоочулар жүрүп, окуучуларды көргөн учурда дароо себебин сурап, эгер окуучу шпаргалка колдонуу жана башка аракеттери байкалса, ошол замат четтетишет экен. Анан дагы анын  үстүнөн райОНОнун кызматкерлери ар бир кабинетти  заманбап камера аркылуу (үнү менен жаздыруу)  байкоо жүргүзүшөт экен. Кээ бир кабинеттерге кирип, сыноо иретинде өздүк телефон менен сүрөткө окуучуларды тартып алайын десем, уруксат бербей коюшту. Кыскасы, окуучулар өз билимине эле таянып сынака катышат экен. Ү. Акынбеков атындагы орто мектептин директору Шабданова Ратгүл эжеге жана мектептин жалпы жааматына ийгилик каалайбыз жана эмгегиңиздер арта берсин!”

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер