СУПЕР ЭЖЕКЕЙ

  • 16.10.2022
  • 0

Жаңыдан университетти бүтүп, алыскы айылдагы мектепке жумушка орношкон 23 жаштагы Майрам эжекейге эң оор классты беришти. 9-в класста негизинен ээнбаш, окуусу начар балдар чогулган эле. «Бир жыл чыдап жетектеп берсең, анда кийинки жылы башка классты беребиз» — деди завуч.

Былтыр ушул класста төрт класс жетекчи алмашкан экен. 2-3 ай араң чыдап, баш тартып кете беришчү экен баары. Аксакал Нурмат агай бул класстан инфаркт кармаптыр, жаш Төркүнгүл эжей окуучулардан таяк жептир, 45 жаштагы дене тарбиячы Бекен агай неврозго кабылыптыр. Майрам эжекейдин алдында оор сыноо күтүп турду. Кандай жагдай болсо да, университетте улуу педагогдор үйрөткөн ыкмалар менен гана иштөөнү чечти.

1-сентябрь. Жаӊы окуу жылдын салтанаттуу ачылышынан кийин Майрам эжекей класска кирди. Бир көз чаптырып эле, окуучулардын кандай экенин байкады. Кыздардын кээ бирлери ашыкча кыска этекчен, кээ биринин кийими кир, эски. Балдардын кебетеси да коркунучтуу. Кабактары салыңкы, колдору жара, чачтары кайчы көрбөгөн. Сагыз чайнап, колунда эспандер же спиннер ойноп, кагазга бирдемелерди чиймелеп, китептин барактарына сүрөт тартып отурган окуучулар. Карта ойноп отургандары да бар. Мектеп формасын эч кимиси кийген эмес.

Эӊ арткы катарда балдардын баарынан чоӊ, заардуу караган Шумкар отурат. Ал бейбаштыгы, сабак окубагандыгы үчүн үчүнчү жолу класстан көчпөй калган. Балдардын баары андан коркот.

Майрам эжекей салам айтканда, эч кимиси жооп бербеди. Ал өзүн тааныштырып, сабагын өтө баштады. Теманы тааныштырып бүтүп, ким түшүнгөнүн айтат деп сураса, эч ким кол көтөрбөдү. Эки окуучуну журналдан карап чакырса, унчукпай туруп беришти.

Сабак бүттү. Үй тапшырмасын берип, эжекей класстан чыкты. Мурда, студент кезинде шаардын мектептеринде гана практика өтүп жүрүп, мыкты класстар менен гана иштешип, мугалимдик кесип оңой деп ойлоп жүргөн экен. Чыныгы сыноо эми башталганын түшүндү. Завучка барып, сабак кандай өткөнүн жана класс жөнүндөгү алгачкы пикирин айтып берди.

— Эч кимиси сага жаман сөз айтпадыбы? Кагаз тоголоктоп ыргытпадыбы?

— Жок, андай болгон жок.

— Таң калычтуу! Буларга сен жаккан окшойсуң. Балким, сенин кийимиң, өң-келбетиӊ биздин мугалимдерден башкача экени таасир эткендир.

Майрам эжекей чын эле өзгөчө болчу. Шаардагы заманбап кеӊселерге жарашкыдай мыкты кийинчү. Чачын күн сайын келиштире тарап, эндик-упаны да билинер-билинбес коюп алчу.

Майрам эжекей 2-сентябрдан баштап күн сайын түштөн кийин бирден окуучунун үйүнө барып кабар алууну чечти. Үй шарты, ата-энеси менен таанышуу канчалык зарыл экенин абройлуу профессордун лекциясынан уккан. Биринчи эле Шумкардын үйүнө барды. Үй эски, кеминде отуз жылдан бери оӊдоло элек. Короосунда жалгыз саан уй, он чакты тоок бар экен. Шумкардын атасы мас, сөрүдө жатыптыр, ал аракечтиги менен эчак эле таанылган окшойт. Көмүр казган шахтёр экени кийиминен билинип турду. Апасы оорукчан аял экен. Шумкар өзү кичинекей ини-карындаштарын ойнотуп отуруптур. Эжекейди көрүп, үтүрөйө калды.

— Мен Шумкардын жаңы класс жетекчиси болом, сиздер менен таанышканы келдим. Балаңыз аябай акылдуу, сабакты жакшы окуганга аракети бар, класста болсо лидер, бардык балдар аны угат, — деп карызга мактап салды эжекей.

— Ой, рахмат! Башка мугалимдер жалаң гана терс мүнөздөмө берчү. Чынында балам жакшы, күйүмдүү, үйдөгү иштин баарын кылат, инилерин да өзү карайт. Сабак окуганга убактысы деле жок. Мугалимдер арызданып келген сайын атасы аны катуу сабайт, — деп толкунданып жооп берди Шумкардын апасы.

Шумкар болсо кабагын карыш салып унчукпай отурду. Ичинде кандай ойлор болуп жатканы белгисиз. Анын оор көз карашы жагымсыз эле. Эжекей Шумкардын апасы менен кыйла сүйлөштү. Чай үстөндө өзү жөнүндө бир аз айтып берип, классы жакканын айта кетти. Коштошуп чыгарда артынан Шумкар ээрчий жөнөгөнүн көрүп, коркуп кетти.

— Эжекей, мен сизди узатып коём. Биз тарапта жаман балдар көп, сизге кол салышы мүмкүн, — деп Шумкар жарым жолго чейин узатып келди. Эч качан эч бир мугалимге бир жакшы сөз сүйлөбөгөн, зөөкүр, бандит атыккан Шумкардын бул жосуну таң калычтуу эле.

Эртеси сабак башталганда, бутун партага асып отурган Азат аттуу окуучу эжейдин сөзүн бөлдү:

— Эжекей, кечинде мени менен дискотекага барып келбейсизби?

Баары каткырып калышты. Эжекей эмне дешин билбей, нес болуп турганда, артта отурган Шумкардын күрүлдөгөн үнү угулду. Баары бурулуп карады.

— Азат, эшек, жөн отургун. Мугалимди сыйлагын. Дагы бир жолу ушундай өнөрүңдү көрсөм, бутуңду сындырам, — деди Шумкар. Класста жымжырттык орноду. Азат бутун түшүрүп, түз отуруп калды. Шумкардын сөзү сөз экенин, каяша кылган балдардын кабыргасын кабыштырып коёрун баары билишчү.

Майрам эжекей эс-учун жыйып, сабагын улантты.

Ошол күндөн баштап 9-в класс өзгөрдү. Сабакта эч ким шоктонбой, эжейдин сөзүн бөлбөй отурушту. Атүгүл бир тобу сабакка даярданып келе баштады.

Эжекей бир айдын ичинде баарынын үйлөрүн кыдырып чыкты. Ата-энелери менен сүйлөшүп, ар бир бала тууралуу жылуу сөзүн аяган жок. Сабакта болсо окуучуларга университеттер, театрлар, ийгиликтүү инсандар, өнүккөн чет өлкөлөр, жогорку технологиялар, космос, чоң шаарлардын турмушу жөнүндө айтып берип жүрдү. Окуучулар өзгөргөндөн өзгөрө беришти. Ар чейрек сайын баалар да өсүп жатты. Былтыр “2” менен “3төн” өйдө болбогон класстын окуучулары эми “4” ала баштады.

Башка мугалимдер да бул класска таң калып жүрүштү. Ата-энелер коюн, тоогун сатып, балдарга жаңы кийим, окуу китеп алып беришти. Эч качан бир да бала университетке тапшырбаган, аракечтик, жалкоолук жана балиттик өкүм сүргөн айылда жаштардын маанайы өзгөрүп, көздөрүнөн нур жана баштады. Дүкөндө арак соодасы солгундады.

Окуу жылы аяктады. Жыл жыйынтыгында 9-в класстан эч ким «2» алган жок. Эч ким класстан көчпөй калган жок. Бүтүрүү кечесинде Майрам эжекейдин кучагы тоо гүлдөрүнөн терилген жөнөкөй дестелерге толду. Эжекейдин турмушка чыгып, шаардык жигити менен борборго кетерин укканда кыздар ыйлады, балдар томсоруп турушту. РайББ атынан келген ардак грамотаны мектеп деректири Майрам эжекейге тапшырды.

———

Арадан он жыл өттү. Борбордо педагогикалык университетте иштеп калган доцент Майрам Сатаровна жумуштан чыгып, супермаркеттен азык-түлүк алып жатканда, жанына бир узун бойлуу, кең далылуу, жүзүнөн нур балкыган, жарашыктуу костюм кийген жигит жылмая басып келип: «Эжекей, саламатсызбы!» — деди. Бул кайсы студенти экенин эстей албай, сыпайы гана: «Саламатчылык», — деп жооп берди.

— Апеей, Майрам эжекей, мени тааныбадыңызбы? 9-в классыңызды унуттуңузбу?!

— Сен… сен… Шумкарсыңбы?! — деп кыйкырып жиберди эжекей. — Бирок кантип… сен…

— Ушундай, эжекей. Сиз мени адам кылгансыз, сиз бүт классты, бүт айылды оңдоп кеткенсиз. Мен азыр борбордомун, жакында шаар четине үй салдым, үйлөндүм. Бир чакан компанияда кожоюнмун. 9-класстан кийин облуска барып, курулуш колледжине тапшыргам. Аны окуганча курулушта иштеп жүрдүм, ширетүүдөн зергерликке чейин бир топ өнөр үйрөндүм. Үч жыл мурун өзүмдүн фирмамды ачтым. Азыр биз эӊ соӊку үлгүдөгү эмеректи жасап сата баштадык. Колумда 20 бала иштейт. Жакында дагы бир үйдү бүтүрөм, ата-энемди, бир туугандарымды көчүрүп келем.

— Кандай сонун! Калган балдар кантти?

— Баары жакшы. Төртөө мугалим болду, бирөө врач, экөө инженер, бир тобу жер иштетип, мал багып калды. Россияга кеткендер да бар. Баягы эси жок Азат участковый милийса болду. Кыздар баары турмушка чыкты. Классыбыздан эч ким жаман жолго түшкөн жок. Жакында 10 жылдык бүтүрүү кечебиз болот, биз классташтар акча топтоп, компьютердик класс ачып, бүт айылга вайфай коёбуз. Компьютердик класстын эмерегин мен ала барам, — деди Шумкар.

Балдары жөнүндө мындай кабарды уккан Майрам эжекей көз жашын токтото албады.

 

Иллюстрациялык сүрөттө: кыргыздын таланттуу режиссёр кызы Динара Асанованын “Боз балдар” тасмасынан кадр.

Интернеттен алып кыргызчалаткан Мирбек Маматкасым.

Тексттерди редакциялаган Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер