СТУДЕНТТИК СТАРТАП-ДОЛБООРЛОРДУН СЫНАГЫ
- 06.05.2024
- 0
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү жана бизнес-идеяларды андан ары илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында стартап-долбоорлорго сынак жарыялайт.
Стартап-долбоорлор төмөнкү “Тематикалык” багыттар боюнча тандалып алынат:
— маалыматтык / санариптик технологиялар;
— медицина жана саламаттыкты сактоо технологиялары;
— жаңы материалдар жана химиялык технологиялар;
— интеллектуалдык өндүрүш технологиялары;
— биотехнология;
— ресурстарды үнөмдөөчү энергетика;
— агрардык технологиялар;
— жашыл экономика;
— чыгармачыл тармактар;
— тейлөө тармагы.
Документтердин топтому [email protected] электрондук жана кагаз түрүндө кабыл алынат. Кошумча маалыматты 0708 888 063 номуру аркылуу алууга болот.
Документтер 2024-жылдын 10-майынан 10-августуна чейин кабыл алынат.
Толук маалымат – https://edu.gov.kg/announcements/390/
Комментарийлер