СТУДЕНТТИК МЕДИА МЕНЕДЖМЕНТ ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

  • 03.02.2020
  • 0

2-февралда Бишкекте болочок журналисттер үчүн СТУДЕНТТИК МЕДИА МЕНЕДЖМЕНТ ДОЛБООРУ ишке кирди. Ал буга чейин Студенттик медиа мектеп деп аталып, студенттер үчүн “Студент kg” жана “Жаштар kg” гезиттериндеги практикалык аянтча катары таанымал болгон.

СТУДЕНТТИК МЕДИА МЕНЕДЖМЕНТ ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

СММ 2020 долбоорунун жетекчиси журналист Расул Өкүмалиевдин айтымында, 2005-жылдан бери республика боюнча журналисттерге практикалык аянтча катары практика өтүүгө жардамдашып келген.

— Медиа мектептин базасында түзүлгөн Студенттик Медиа Менеджмент долбоорунун алкагында мурдагыдай эле биздин жогорку окуу жайлардагы болочок журналисттер практикага келе алышат. Анын артыкчылыгы – башкарууга, башкача айтканда, менеджментке үйрөтүүгө өтмөкчүбүз. Андан да тагыраак айтсам, пиар адистикке, ютуб канал, сайт ачуу сыяктуу электрондук коммуникацияны ар тараптуу үйрөтөбүз.

Жыйынтыгында коомчулук менен байланыш адистери, сабаттуу жазуу, үн менен иштөө — оратордук искусство, кеп маданияты, камеранын алдында иштөө, кыскача айтканда, заман талабына шайкеш иштей алган даяр редакторлорду даярдап чыгарууну көздөп жатабыз. СММ 2020 долбооруна азырынча акысыз катыша алышат. Алдыда дагы кеңейтүү пландарыбыз бар,-дейт Р.Өкүмалиев.

Анын айтымында, 15 жыл ичинде Медиа мектебинен алды эл аралык медиаларда иштеген белгилүү журналисттер, арты жергиликтүү кеңешке депутат болгонго жетишкен ийгиликтүү жаштар тарбияланып чыккан.

Долбоор жетекчиси айрыкча, БГУ, КУУ, И.Арабаев сыяктуу практикалык базасы начар ЖОЖдордун студенттерине практикалык аянт түзүп берүүгө ынтызар экендигин билдирди.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер