СТУДЕНТТИК ФЕСТИВАЛЬ

  • 03.12.2018
  • 0

3-декабрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кыргыздын улуу жазуучусу, ойчулу, коомдук жана мамлекеттик ишмери Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “АЙТМАТОВ-ФИЕСТА” аттуу жогорку окуу жайлардын ортосунда студенттердин жалпы республикалык фестивалы өтүп жатат.

Фестиваль Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Конфуций институтунун демилгеси менен өткөрүлүүдө. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери жана магистранттары катышкан фестивалдын жыйынтыгы чыгарылып, бардык номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталмакчы.

Фестивалдын максаты – студент жаштарды Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын билүүгө кызыктыруу; студенттерди бири-бири менен жакындаштыруу, алардын лидерлик сапаттарын тарбиялоо;  эң мыкты жана демилгелүү студенттерди алкоо.

Аталган фестиваль орус, кыргыз, түрк, англис, кытай тилдеринде жүргүзүлѳт.

Фестиваль бир күндө үч багытта жүргүзүлөт.

Биринчи багыты: “Айтматовдун чыгармаларын  ролдоштуруп  көркөм окуу”.

Фестивалдын бул багытына катышуучулар төмөндө берилген электрондук дарекке катышуу барагын жиберишет.

Катышуучуларга талап: жазуучунун чыгармаларынан ролдоштуруп  3 мүнөттүк  көркөм окуу даярдоо (музыкалык коштоо, реквизиттери менен болушу күтүлөт).

Экинчи багыт “Менин Айтматовум” деп аталып,  алдын-ала даярдалган кыска оозеки  тезистерден турат. Аталган оозеки тезистердин маңызы – студенттин жеке өзүнүн Айтматов дүйнөсүн оригиналдуу кабылдоосун көрсөтүүсү. Регламенти —  бир мүнөттөн үч мүнөткө чейин. Мында конкурсанттар өз тезистерин отургучтарга орнотулган микрофондор аркылуу өз ордуларынан же трибунадан айта алышат.

Тезистер жазуу түрүндө кабыл алынбайт. Бул багыттын катышуучулары катышуу барактарын алдын ала жиберип, төмөндө берилген электрондук адрестер боюнча катталышат.

Фестивалдын үчүнчү багыты “Айтматов-викторинасы” деп аталат. Анда жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгына байланыштуу ар кандай суроолор берилет. Эң активдүү катышуучулар баалуу белектер менен сыйланат.

Фестивалды өткөрүү үчүн курамы 9 адамдан турган абройлуу жюри түзүлөт.

Фестивалдын аягында үч багыттын тең жыйынтыгы чыгарылып, бардык номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аталат.

Жеңүүчүлөрдү

  1. «Айтматов-фиеста» Гран-приси (бир номинация — 3000 сом)
  2. Эки биринчи орун (үч багыттын тең жыйынтыгы жана номинациялары боюнча — 2000 сом)
  3. Төрт экинчи орун ( 1500 сом)
  4. Алты үчүнчү орун (1000 сом)
  5. Кызыктыруучу 10 сыйлык (үч багыттын тең жыйынтыгы жана номинациялары боюнча)

күтөт.

«Айтматов-фиеста» фестивалынын жыйынтыгында катышуучуларга  сертификаттар берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер