СТУДЕНТТЕРГЕ ДИНИЙ ТҮШҮНҮК БЕРИЛДИ

  • 06.12.2017
  • 0

ОГПИде диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча атайын өкүлдөрдүн катышуусунда жолугушуу болду.

Жолугушуу атайын адистер, ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын катышуусунда болуп, алар коомчулуктагы терс көрүнүш болгон диний-экстремизм, терроризм жана Сириядагы абал боюнча катышуучуларга кеңири маалымат беришти. Ар кандай диний агымдардын көбөйүп кеткендигин, айрыкча, Вахабизм, Хизбут-Тахрир, Акрамия, Баптистер жана башка көптөгөн каттоодон өтпөгөн диний агымдар келечек ээси болгон жаштарды азгырып, туура эмес жолго салып,  айрым жаштардын диний сабатсыздыгынан улам аларды ар кандай терс жактарга үгүттөп жатышканын баса белгилешти. Мындан тышкары видео-слайддын жардамында студенттерге аталган терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана жоюу боюнча кандай аракеттерди жасоо керектигин ачык түшүндүрүп, бул көйгөйлөрдү токтотуу бардыгынын колунда экендигин белгилешти. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер