Студенттер театрга акысыз киришет
- 05.02.2025
- 0
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын ортосундагы эки тараптуу келишимге ылайык, жаштарды театрга тартуу, келечек муунду мекенчилдикке үндөө максатында атайын каражаттардын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 500 даана театралдык карточка сатып алынып, студенттерге акысыз бөлүштүрүп берилди.

Бул театралдык карточкалар менен студенттер бир жылда сегиз жолу жаңы спектаклдерди көрүүгө жана Жаңы жылдык карнавалга катышууга, ошондой эле 2025-жылдын май айында болуучу чоң шоу-концертке кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Спектаклдердин коюлган убактысы ар бир абонентке алдын ала кабарланып турат.
Бөлүшүү
Комментарийлер