ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БИРИНЧИ  МОДУЛЬ БАШТАЛДЫ

  • 27.10.2020
  • 0

Азыр мектептерде 1-чейрек жыйынтыкталып жатса, жогорку окуу жайларында студенттер биринчи модулун тапшырууда. Белгилүү болгондой, мектептердей эле бардык жогорку окуу жайлар менчигинин түрүнө карабай   1-сентябрдан бери аралыктан билим алышууда. Модулдар дагы аралыктан алынып, студенттердин билими алардын сабакка катышуусуна, берилген тапшырмаларды аткарганына, өздүк иштеринин жыйынтыгына жараша  бааланууда.

ЖОЖдор окуу процессин автоматташтырылган маалыматтык системасы, ZOOM, Jitsi Meet, Google classroom, Google meet, Google forms, Google почта сыяктуу өздөрүнө ыңгайлуу  платформалар  аркылуу уюштуруп жатышат. Айрым окуу жайларда бирдиктүү почталар дагы ишке киргизилген. Модулдар дагы ушул платформалар аркылуу алынууда. Мисалы, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттердин билимин баалоо  http://ogpi.kg/ сайтындагы Тестирлөө бөлүмү, “Мультиурок” жана “Гуугл диск” электрондук тестирлөө программалары аркылуу, ошондой эле студенттердин сабактардагы активдүүлүгүн эске алуу менен жүргүзүлүүдө.

—          Мында белгиленген мөөнөттө студенттер логин жана паролдорунун жардамында тестирлөөгө кирип, тиешелүү предметтер боюнча модулдарды тапшырып жатышат. Тестирлөөнүн жыйынтыгы ОГПИнин AVN маалыматтык системасына автоматтык түрдө түшүрүлөт. Ошондой эле  окуу китептери  менен камсыздоо үчүн институт тарабынан тогуз сайт аркылуу  базаларга кирүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп берилген. Студенттердин сабактарга катышуусу боюнча факультеттерде толук маалыматтар журналга түшүрүлгөн. Мунун негизинде окуу бөлүмү тарабынан  сабакка катышпаган студенттер менен иштер жүргүзүлүп, алардын себептери аныкталды жана ошого жараша чара көрүү маселелери  каралууда. Ар бир тайпадан экиден, үчтөн студент шартка байланыштуу онлайн сабактарга катыша албай калышкан. Алар менен окутуучулар  жеке байланышып, тиешелүү тапшырмаларды берүү менен шартка жараша чараларды көрүшүүдө, — дейт институттун маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычиев.

Бишкек мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Назгуль Джаркинбаева болсо  сабагын жалаң Google classroom аркылуу өтүп, модулдарды Google forms аркылуу алып жатат.

—         Алдын ала 30 суроодон 50 суроого чейин тестти даярдап, салып коем. Бул платформанын жакшы жери, кайсыл учурда баарына жөнөтүлсүн деген буйрук берип койсоң, ошол учурда ар бир студенттин өздүк почтасына түшүп калат. Кээде түн ичинде даярдап туруп салып коем. Сабак башталган учурда студенттин почтасына түшүп, дароо маалымат барат. Алар кайсы жерде болбосун дароо суроолорго жооп берип, мага жөнөтүшөт. Мен дагы аны текшергенде убара болбойм, анткени анын туура жообун алдын ала компьютерге киргизип коем. Аны компьютер өзү текшерип, кайсы студент канча балл алганын мага дагы, студентке дагы жөнөтөт. “Импортировать оценки” деген буйрукту берип койсоң, ал дароо жыйынтыкты таблицага түшүрүп, чыгарып берет. Мисалы, менин “Англис тилинин тарыхы” деген сабагымда үч семинар, үч жазуу иши болот. Студенттер  Google документке эссе жазышып, Google презентацияда берилген темалар боюнча презентацияларын жасашты. Ушул иштерге коюлган баага тесттен алган жообун кошуп, үчкө бөлүп андан чыккан баа боюнча модуль койдум. Негизи такыр тапшырма аткарбагандарга ноль коюшубуз керек, болбосо калтырылган күндөрүн кайрадан тапшырышы керек. Бирок жеке менин сабагымда мындай студенттер болгон жок, — дейт Назгуль.

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде болсо бүгүнкү күндө күндүзгү бөлүмүндө окуган студенттеринин 64% модулдарын тапшырып бүтүштү. Окуу иштери бөлүмүнүн башчысы Сыдыков Жыргалбектин айтымында, калган студенттер окуу акысын төлөй элегине байланыштуу кармалып турушат.

Бул окуу жайдын студенттери дагы модулдарын эки жол менен: тест түрүндө жана оозеки  тапшырышты. Сабакка катыша албагандар болсо жекече тапшырмаларды аткарышты.

—         Буга чейин эле бир айдын ичинде анализ кылганбыз. Ар бир факультеттен он, он бешке жакын алыскы байланыш жок аймактарда жашап жаткан балдар бар экен. Алар менен жекече байланышка чыгып,  ватсап аркылуу тапшырмалар жөнөтүлүп, жооптор алынып, билими ошого жараша бааланды. Негизи студенттердин сабакка катышуусу 88% болуп жаткан, митингдерден кийин кичине азайып кетти. Балдардын сабакка катышуусун жума сайын текшерип, анализдеп жатабыз. Жакында эле былтыркы окуу жылынан бери университеттен такыр кол үзүп салгандар, окуу акысын төлөбөгөндөр окуудан чыгарылды. Албетте, мүчүлүштүктөр бар, анын үстүнөн дайыма иштеп жатабыз. Мүмкүнчүлүгү жок окутуучуларга 30-40 планшет таркатып бергенбиз, — дейт Сыдыков Жыргалбек.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Елена Нооганова болсо студенттеринен ушул жумада модулдарды алып жатканын, окуу жаңы башталганда байланышка чыкпаган анча-мынча студенттер болгонунан, алар менен жекече иштеп жатканын айтат.

— Андай студенттердин ата-энелери, жакындары менен байланышып, себебин аныктап чыктык. Кээ бирөөлөр материалдык жактан  кыйналып жатышса, үй-бүлөлүк шартына жараша да чыга албай жаткандар, Интернет тартпаган жерлерде, тоодо, жайлоодо болуп калгандар болду. Андай студенттердин ар бири менен жекече иштешип жатабыз. Лекцияларды, тапшырмаларды ватсап аркылуу жөнөтүп, жообун дагы ошол аркылуу алдык. Кечээ бир студентке ватсап аркылуу тестти салдым. Жообун дароо жөнөттү, баасын АVNге киргизип койдум. Ушинтип кырдаалдан чыгып жатабыз, — дейт Елена.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА БИРИНЧИ  МОДУЛЬ БАШТАЛДЫ

Кыргыз мамлекеттик искусство университети шартка байланыштуу модулдук системаны быйыл жаңы киргизди. Буга чейин студенттердин билимин чыгармачыл концерттер, иштер аркылуу баалап келишкен.

  • Бизде азыр Билим берүү, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, COVID боюнча республикалык штабдын уруксаты менен чыгармачыл сабактар реалдуу режимде,  калгандары аралыктан окутулуп жатат. Мурун октябрдын аягында же ноябрдын башында техникалык концерт берилчү. Анан сессиянын алдында дагы бир концерт уюштурулчу. Студенттердин билими ошондо бааланчу. Азыр болсо реалдуу режимде окутулуп жаткан сабактар боюнча ар бир студент жекече тапшырып жатышат. Калган сабактардан модулдук система менен баалай баштадык. Ал үчүн окутуучулар атайын окуудан өтүштү, — дейт окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Алсаитова.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер