СТАНДАРТТАН НАТЫЙЖАГА КАРАЙ: ПЕДАГОГДУН ЭФФЕКТИВДҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

  • 19.06.2026
  • 0

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана тарбиячылары үчүн «Стандарттан натыйжага карай: педагогдун эффективдүү ишмердүүлүгү» аттуу 3 күндүк окуу-семинар өз ишин баштады.

СТАНДАРТТАН НАТЫЙЖАГА КАРАЙ: ПЕДАГОГДУН ЭФФЕКТИВДҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Семинардын негизги максаты – мектепке чейинки билим берүүдө жаңы стандарттардын талаптарын терең өздөштүрүү, педагогдордун кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана билим берүү процессинин сапатын арттыруу болуп саналат.

Окутуу атайын даярдыктан өтүп, сертификатталган тренерлер тарабынан жүргүзүлүп, катышуучуларга заманбап окутуу усулдары, балдарды өнүктүрүүнүн натыйжалуу ыкмалары, педагогикалык ишмердүүлүктү пландаштыруу жана баалоо боюнча практикалык маалыматтар берилүүдө.

Семинардын жүрүшүндө жетекчилер менен тарбиячылар тажрыйба алмашып, жаңы билимдерди практикада колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Мындай иш-чаралар мектепке чейинки билим берүү уюмдарында сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган бул окуу-семинар педагогдордун кесиптик өсүүсүнө жана билим берүү тармагындагы жаңыланууларды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер