СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

  • 28.02.2020
  • 0
К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде “Спорт ден соолуктун булагы” деген кезектеги куратордук ачык саат болуп өттү.

СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

Сабактын кезеги ТО-17 тайпасында (куратор Г.Т.Мундузбаева) болуп өттү. — Кураторлук сабакка тайпанын куратору жана студенттери жакшы даярданышканы көрүнүп турду. Бул тайпа келечектеги программисттер, ошол себептен да болсо керек, студенттердин видеослайддары, интервьюлары жогорку деңгээлде, кызыктуу жасалган экен. Башкалардан айырмаланып тайпаны тааныштыруу да видеолор менен коштолду. Спорт темасында болгондуктан көрүүчүлөрдү беш мүнөттүк зарядка жасатууга да үлгүрүштү, — дейт окуу жайдын мугалими Майрамбек Разылкан уулу.

СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

Бул ачык сабакка сырттан “Энелер лигасынын” президенти З.Ш. Тентимишева жана Бишкек шаарынын Октябрь районунун “Дене тарбия жана спорт” комитетинин төрагасы У.И.Деркимбаев окуу жайдын студенттерин жана окутуучулар жамаатын спорт менен машыгууга чакырып, жок дегенде күнүнө он мүнөт убакыт бөлүп, кандай көнүгүү жасоо керек экендигин көрсөтүп беришти. Ошентип сабак өз максатына жетип, куратор жогорку баллдарды алды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер