“СПИДСИЗ ЖАШОО — ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК”  

  • 30.11.2021
  • 0

29-ноябрда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Медициналык колледжи тарабынан 1-декабрь — СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата “СПИДсиз жашоо — жаркын келечек” аталышында жумалык жарыяланган. Бүгүн аталган жумалыктын алкагында тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага  Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, Медициналык колледждин директору Равшан Джумаев, Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ташболотов Сабыр, Ош облустар аралык наркология борборунун нарколог-дарыгери Тилекчиева Анаркан, Ош облустар аралык тери жана венерологиялык борборунун дарыгери Маматисаков Абдукахар,  окутуучулар жамааты, студенттер катышты.

Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ташболотов Сабыр тегерек столдо СПИД оорусунун тарыхына, келип чыгуу жолдоруна токтолуп, оорудан кантип сактануу керектиги тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Андан сырткары атайын чакырылган дарыгерлер өздөрүнүн профилине жараша СПИД илдети боюнча кенен токтолуп, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат.

Иш-чаранын негизги максаты ооруу тууралуу түшүнүктү студенттерге, жаштарга жеткирип, бул коркунучтуу оорунун алдын алуу болуп саналат.

Бир жумалыктын алкагында тарбиялык жана ачык сабактар, куратордук сабактар уюштурулуп, дубал газеталардын конкурсу жарыяланган. СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө арналган жумалык 3-декабрда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер