ӨСПҮРҮМДӨРГӨ ПАЙДАЛУУ СЕМИНАР-ТРЕНИНГ
- 27.09.2022
- 0
Жакында Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде «Биз ар түрдүүбүз, бирок биз теңбиз!» аттуу гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча 16 күндүк акциянын алкагында семинар-тренинг болуп өттү.
Аталган иш-чаранын уюштуруучусу, Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин соцпедагогу Кенжегүл Бектемированын айтуусунда, бул күнү мектепте өспүрүмдөргө сергек жашоону үйрөткөн, эне тилин сүйүүгө, ыймандуулукка чакырган тарбиялык сааттар өтүлдү. Атап айтсак, 11-«а» класстагы Жаныш кызы Гүлжамалдын «Нускалуу карыя болбой, ыймандуу жаш болбойт», 11-«б» класстагы Касымалиева Элвиранын тамеки менен алкоголдун зыяны тууралуу «Биз жашоону тандайбыз!», Жусуева Чолпондун «Өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук», Карынова Назгүлдүн 10-«б» класстагы «Коррупция деген эмне?», Жангазиева Жазгүлдүн 10-«а»класстагы «Кыргыз тилим — байлыгым», Меңдибекова Чолпондун 9-«б» класстагы «Аракечтиктин зыяны» сахна-сабагы, Исабекова Жазгүлдүн 9-«в» класстагы «Ден соолугуңду сактай бил!» ишкердик-оюн сабагы өз максатына жетип, таасирдүү болду.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер