Өспүрүмдөр курамасы сурдо грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 4 медаль утту
- 04.09.2023
- 0
Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы Дүйнө чемпионатында бир алтын жана үч коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 65 кг чейинки салмакта Артур Акопян алтын медаль тагынды.
Ал эми 48 кг чейинки салмакта Арлен Уланов, 55 кг чейинки салмак категориясында Тариэл Садырбеков жана 71 кг чейинки салмакта Бексултан Садыралиев коло медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, курама командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи. Ошондой эле 1-орунду Казакстан жана 3-орунду Армения өлкөсү камсыз кылды.
Эскерте кетсек, чемпионат 3-сентябрда башталып, 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.
Бөлүшүү
Комментарийлер