ӨСПҮРҮМ БАЛДАР АРАСЫНДА УЮШТУРУЛГАН ФУТБОЛ

  • 25.07.2018
  • 0

Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде 2005-2006-жылдары туулган балдардан куралган Чүй облусундагы командалар арасында футбол боюнча турнир болуп өттү.

ӨСПҮРҮМ БАЛДАР АРАСЫНДА УЮШТУРУЛГАН ФУТБОЛ

Маалым болгондой, аталган турнир футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Мирлан Мурзаев менен Антон Землянухиндин демилгеси менен өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаарынын «Дордой» командасы, 2-орунду «Акылтай», ал эми 3-орунду Кара-Балта шаарынын жаш футболчулары алышты. Жеңүүчү командаларга тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар, кубок жана баалуу белектер тапшырылды. Сыйлык тапшыруу иш-чарасына мэриянын жана «Манас» спорт комплексинин өкүлдөрү, ошондой эле Казакстандан атайын келген оюнчулар Мирлан Мурзаев менен Антон Землянухин катышты.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер