СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮКТҮ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЧОГУЛУШ БОЛУП ӨТТҮ

  • 02.11.2020
  • 0

30-октябрда пилоттук колледждер менен кесиптик лицейлердин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында биргелешип иштөөсүнүн багыттарын талкуулоо боюнча чогулуш болуп өттү.

Чогулушка КР Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчилиги, РИМБ, эксперименталдык билим берүү практикалары пилоттолуп жаткан пилоттук колледждер жана кесиптик лицейлердин жетекчилери катышышты.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Нурлан Атакановдун айтымы боюнча милдеттердин бири болуп пилоттук лицейлер менен колледждердин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү саналат.

“Кызматташуунун максаттарын жана милдеттерин, алынган иштелмелерди бирге талкуулоо үчүн пилоттук окуу жайлардын жетекчилери менен аталган чогулуш уюштурулду. Биздин долбоордун алкагында кесиптик техникалык билим берүү системасында өндүрүш менен кызматташууну өнүктүрүү үчүн социалдык өнөктөштүк боюнча колдонмо, кесиптик техникалык билим берүү жана окутуунун инженердик-педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу программасы иштелип чыкты, ошондой эле пилоттук колледждер тарабынан жүргүзүлгөн эмгек рыногун талдоо методологиясын пилоттоонун жыйынтыктары алынды”, — деди ал.

Чогулуштун алкагында пилоттук колледждердин жана кесиптик лицейлердин жетекчилерине баштапкы жана орто кесиптик билим берүү системаларын рационализациялоо жана өз ара аракеттенүү программасы презентацияланды, колледждердин жана кесиптик лицейлердин окутуучулары үчүн квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылды.

Катышуучулар социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, кесиптик лицейлердин, колледждердин жана өндүрүштүн кызматташуу багыттарын, эксперименталдык билим берүү программаларын ишке ашырууну талкуулашты.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер