СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «ОРТО МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ — БИЗДИН КООМДУН КАДЫРЛУУ АДАМЫ БОЛУШУ ЗАРЫЛ»

  • 06.02.2019
  • 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине барып,  борбор шаардын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, жалпы билим берүү тармагындагы абалга баа берип, келечекке милдеттерди аныктады.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: "ОРТО МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ - БИЗДИН КООМДУН КАДЫРЛУУ АДАМЫ БОЛУШУ ЗАРЫЛ"

 

«Билим берүүдөгү азыркы кырдаал биз каалагандай болбой жатат. Демек, бул тармакта системалуу реформаларды жүргүзүү талап кылынат. Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген, иштер жүрүп жатат. Билим берүүнүн максаттары жана артыкчылыктуу багыттары төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу менен аныкталат. Биринчи, балдардын эртелеп өнүгүүсүнө жана мектепке чейинки билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу. Бул деген — мектепке чейинки даярдоону жакшыртуу менен ар бир балага бирдей турмуштук стартты камсыздоо. Экинчи, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү билим берүү системасын реформалоо милдетин ишке ашырууда. Эртеӊки күндүн талабына бүгүнкү кырдаал жооп бербей калды. Биз дагы реформаларды жасоого муктажбыз»,-деди президент.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: "ОРТО МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ - БИЗДИН КООМДУН КАДЫРЛУУ АДАМЫ БОЛУШУ ЗАРЫЛ"

Мамлекет башчы өзүнүн сөзүндө мектеп мугалимдеринин социалдык жашоо шартын жакшыртуу зарылдыгына да токтоло кетти:

«Орто мектептин мугалими — биздин коомдун кадырлуу адамы болуш зарыл! Залкар ойчулубуз Чынгыз Айтматов жазгандай, руханий баалуулуктар көз жаздымда калып, керектөөчүлүктүн духу күчөгөн кезде, эӊ биринчи, мектеп мугалими жапа чекти. Мугалимди биз — коомчулук коргобосок, ал өзү коргоно албайт. Жаш мугалимдердин жашоо шартын жакшыртуу — мамлекеттик бийликтин негизги милдеттеринин бири бойдон калат. Мугалимдердин аймактарда тартыштыгын жоюуда, жергиликтүү бийлик да байкоочу катары эмес, жаш мугалимдерди аймактарга тартууда негизги кызыкдар тарап болушу керек».

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: "ОРТО МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ - БИЗДИН КООМДУН КАДЫРЛУУ АДАМЫ БОЛУШУ ЗАРЫЛ"

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күч алган күрөштөн түшкөн акча каражаттардын эң биринчи кезекте жаңы мектептерди курууга жумшаларын баса белгиледи.

«Сиздер билгендей, коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчаларды которуу үчүн атайын эсеп ачылган. Ага түшкөн каражаттарды Бишкек менен Чүйдө мектептерди курууга, мектеп имараттарын кеңейтүүгө жумшайбыз. Буга чейин министрлик менен мэрияга бул багытта анализ жүргүзүү тапшырылган. Жаңы мектептерди куруу, имараттарды кеңейтүү — ушул анализдин негизинде, ырааттуу жүргүзүлөт»,-деди президент.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: "ОРТО МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ - БИЗДИН КООМДУН КАДЫРЛУУ АДАМЫ БОЛУШУ ЗАРЫЛ"

Мамлекет башчы башталгыч кесиптик-техникалык окуу жайларына болгон мамилени өзгөртүп, жумушчу кесиптерге кызыктыруу иштери жүргүзүлүшү керектигин да белгиледи.

«Республика боюнча кесиптик окуу жайларынын 74 пайызы, ал эми Бишкекте 67 пайызы окуучулар менен толгон эмес. Мектепти бүтүрүүчүлөрдүн 30 пайызы гана ушул кесиптик окуу жайларга барышат. Кесиптик-техникалык багытта окутуу пландары, окутуу технологиялары, мугалимдердин даярдыгы эски бойдон калууда. Анын айынан бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын эмгек рыногунун талаптарына дагы жооп бербей калууда. Мисалы, энергетика, тоо-кен, айыл-чарба, туризм, кайра иштетүү тармактарыбызга зарыл орто звенодогу адистер жетишсиз. Жаштарды кесиптик жактан даярдап, ички рынокто гана эмес, чет элдик рынокто татыктуу жумуш ордун табууга жөндөмдүү кылуу — биздин милдет. Бул иш биздин колубуздан келет. Кесиптик окуу жайлардын бош калган аянттарын ырааттуу пайдаланып, жаӊы жумушчу кесиптерди ачса болот. Мисалы, Бишкектеги 98-кесиптик окуу жайы фирмалардын заказы менен, кыска мөөнөттүү, 3 айга чейинки, окутууну жүргүзүп жатыптыр. Арасында интернет-технологиялар, веб-дизайн боюнча окутуу курстары бар экен. Былтыр 9-класстан кийин мектептен кетип, эч жерде окубаган жаштардын саны 7 миӊден ашкан. Ушундай жаштарды кызыктырган, өлкөгө керек окуу курстарын ачуу керек».

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: "ОРТО МЕКТЕПТИН МУГАЛИМИ - БИЗДИН КООМДУН КАДЫРЛУУ АДАМЫ БОЛУШУ ЗАРЫЛ"

Сооронбай Жээнбеков билим берүүнү өнүктүрүүнүн башка актуалдуу маселелерине да токтоло кетти. Анын ичинде санариптик, био-нано технологиялардын доорунда креативдүү ой жүгүрткөн, инновацияларды колдонууга жөндөмдүү адистерди даярдоо зарылдыгын билдирди. Андан сырткары,  жогорку окуу жайларында  окутуунун сапатын начар деп сындап, атаандаштыкка жөндөмсүз бүтүрүүчүлөр чыгып жатат деди.

«Бул кырдаалды токтоосуз өзгөртүү зарыл»,-деп баса белгиледи президент.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер