СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: БУЛ АПААТ АР БИРИБИЗ ҮЧҮН ООР СЫНОО

  • 30.07.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-июлда — Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: БУЛ АПААТ АР БИРИБИЗ ҮЧҮН ООР СЫНОО

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторубуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады. Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып,  жүрөгүмдү канатып кетти…

Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз. Жараткандан сабыр тилейбиз. Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз. Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз»,- деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Президент ошондой эле «жарандарыбыздын өмүрү, элбиздин ден-соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек. Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат.  Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден-соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш. Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!»,-деп баса белгиледи.

Бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде коронавирус инфекциясынын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын элесине арналган аза күтүү иш-чарасы болуп, маркумдарга багышталып Куран окулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер