СОКУЛУКТА ЖАҢЫ МЕКТЕП

  • 04.09.2023
  • 0

1-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Мирное айылында жаңы мектеп балдарга эшик ачты.

Жаңы мектептин ачылышына катышкан Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Ренат Айтымбетов билим берүү тармагындагы өнүгүүлөрдү кубануу менен белгиледи.

СОКУЛУКТА ЖАҢЫ МЕКТЕП

“Жылдан жылга билим берүү тармагына бөлүнгөн каржылоо көбөйүп жатат. Мугалимдердин эмгек акылары да көбөйдү, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көңүл бурулуп, жаңы мектептер, бала бакчалар курулууда. Натыйжада балдарды окутууга жана татыктуу тарбиялоого ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканы кубанычтуу көрүнүш” – деди ал өз сөзүндө.

СОКУЛУКТА ЖАҢЫ МЕКТЕП

Бул айылдагы мектеп 1960-жылы курулгандыктан, абдан эскирип, авариялык абалда эле. Жаңы окуу жылында эшик ачкан 270 орундук жаңы мектептин имараты толугу менен окуу материалдары, техникалык каражаттар, спорттук шаймандар менен жабдылды.

А.К.,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер