ШВЕЙЦАРИЯНЫН ЭЛЧИСИ КЭУ ИИУ да ДАРС ОКУДУ

  • 29.04.2024
  • 0

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий-Изилдөө Университетинде (КЭУ ИИУ) Швейцариянын Элчиси Оливье Бангертер студенттер менен жолугушту.

ШВЕЙЦАРИЯНЫН ЭЛЧИСИ КЭУ ИИУ да ДАРС ОКУДУ

Элчи мырзаны КЭУнун окуу-методикалык иштер боюнча проректору Д.М.Турсуналиева жана окуу жайдын өнүктүрүү боюнча проректору Г.Т. Супаева тосуп алып, элчиге убакыт бөлүп келип бергенине ыраазычылык билдиришти.

КЭУнун Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюштурулган иш-чарада Бангертер студенттерге «Швейцария жана Кыргызстан: жемиштүү кызматташтыктын негизги элементтери» деген темада лекция окуду. Ал өз сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактарда өз ара өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ШВЕЙЦАРИЯНЫН ЭЛЧИСИ КЭУ ИИУ да ДАРС ОКУДУ

Сөзүнүн аягында элчи студенттердин суроолоруна жооп берди Бул эки тараптуу мамилелерди тереңирээк түшүнүүгө жана билимдерин кеңейтүүгө өбөлгө түздү.

Бангертер мырзага эки өлкө ортосундагы илимий жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер