ШАБДАН БААТЫР ЖӨНҮНДӨ ЖАҢЫ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 29.10.2020
  • 0

Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаңыл Абдылдабек кызынын «Шабдан баатыр: Доорлор тогошуусу» романы кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрдү.

Китептин бетачары өткөн жумада Кемин районундагы Шабдан Ата айылында өттү.  Ага Шабдан баатырдын дагы бир чөбөрөсү Жайнагүл Тайгуронова, «Шабдан ата» коомдук уюмунун төрагасы Жаныбек Ажибаев, тарых илимдеринин доктору Аскар Беделбаев, белгилүү архитектор Мидин Исмаилов, мугалимдер, айыл тургундары катышты. Тарыхчы А.Беделбаев өз сөзүндө романды эң мыкты баяндалган көркөм роман деген жогорку баасын берди.

Шабдан атанын чөбөрөсү Жайнагүл Тайгуронова “Билимкана” коомдук фондунун негиздөөчүсү Төлөндү Тойчубаев 500 нуска китепти Кемин районунун мектептеринин китепканалары үчүн сатып алып, таратып жатканын билдирди.

Шабдан-Ата орто мектебинин директору Айсулуу Карагулова Жаңыл Абдылдабек кызы аталган китепти жазаардын алдында, райондогу тарыхчы мугалимдердин баарын чогултуп атайын семинар өткөргөнүн айтты.

– Бул тарыхый көркөм роман деп баа берип жатышат. Мен өзүм тарых сабагынын мугалими катары ушундай руханий баалуу чыгарманын жарыкка чыкканына кубануудамын. Жаңыл эже биз менен атайын келип жолугуп, өзүнүн атактуу ата-бабаларынын буга чейин жарыялана элек материалдарын чогултуп жүргөнүн айтты эле. Эми китепти окуучуларга жеткиргенге аракеттенебиз. Биз ушул айдын аягында Атаке баатырдын 300 жылдыгын өткөрүүгө   даярданып жатабыз, ошол иш-чаранын алкагына биздин өрөөндүн атактуу урпактарынын баарын камтыйбыз, — дейт Айсулуу Карагулова.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер