ШААРДЫК УСУЛДУК СЕМИНАР
- 28.11.2024
- 0
2024-жылдын 27-ноябрында Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинеттин жылдык планынын негизинде шаарыбыздагы Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Устат –шакирт изи өчпөгөн дарыя, Үлгү болор улуу-кичүү баарына” аттуу устат-шакирт шаардык усулдук семинары өткөрүлдү.
Республикага аттын кашкасындай таанымал кыргыз тили жана адабияты мугалими Мүсүралиев Байыш агайыбыз шакирти — бир кездеги өзүнүн окуучусу, учурда Токтогул атындагы №1мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими Карагулова Бегимбү эжеке менен биргеликте бинардык методикалык семинар өткөрдү.
Семинардын биринчи бөлүгүндө эки мектептин 7-класстары арасында «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну болуп, эң мыкты деп Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу Саламова Нуркыз жана Шопоков атындагы №4 жалпы билим берүүчү орто мектептин 7-классынын окуучусу Калбердиева Арзуу тандалды.
Ал эми бардык категориядагы суроолорго мыкты даярдык менен келген окуучуларга грамоталар тапшырылды.
Бири-бирине шайкеш келген устат менен шакирттин бул бинардык семинарынын тегерек столу өзгөчө форматта болуп, чыгармачыл чөйрөнүн катышуусунда атайын «Бенефис» уюштурулду. Бенефисти Кара-Көл жана Токтогул аймактык таланттарды өстүрүү боюнча координатору Сейитбекова Элиза телевидение менен биргеликте алып барды.
Бенефисте устат менен шакиртти жакындан билген адамдар: үй-бүлөсү, бир туугандары, классташтары жана чыгармачыл үзөңгүлөштөрү катышты.
Келген коноктор устат менен шакирттин мугалимдик кесиптен тышкаркы инсандык сапаттарын ачып беришип, кызыктуу маек курушту.
Мезгилди артка кайрышып, балалык, окуучулук, студенттик, сүйүү-жаштык, жаш үй-бүлө, жаш адис, жаңы жетекчиликтеги көз ирмемдерди алдыга бир тартып кино-тасмадай өткөрүштү .
Байыш агайдын адепки жүрүшүнөн жазбай, учурда бир калыпта шакирттерин биринин артынан бирин чыгарып, сыймыктуу да, түйшүктүү да кесибин туу тутуп келе жатканына быйыл 46 жылдын жүзү болот. Кесиптеш, калемдеш инсандардын айтуусундагы устат менен шакирт тууралуу жакшы ой-пикирлер тегерек столго катышып олтурган ар бир мугалимди эң бийик мугалимдик сереге жетелеп, сезимдерин ойготту.
Шаардык семинарды Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин башчысы Т.К.Орозова жана Шопоков атындагы №4 ЖОББМнин директору М.М.Маматова жыйынтыктап, устат менен шакирттин бүгүнкү иш-чарасына Токтогул, Үч-Терек, Кетмен-Төбө аймактарынан келген конокторго ыраазычылык айтуу менен, бүгүнкү иш-чара регионалдык деңгээлде өткөрүлдү деп баса белгилешти.
Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз, сиздердей мыкты мугалимдердин катары көбөйүп, терең билим-тарбия берүүнү уланта беришине тилектешпиз!
Тилен ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары
Комментарийлер