«ШҮҮДҮРҮМ» ТОБУНУН БЕТ АЧАРЫ

  • 13.02.2022
  • 0

2022-жылдын 11-февралында Кара-Көл шаардык китепканасында 14-февраль Китеп күнүнө карата устат мугалим Байыш Мусуралиев жетектеген «Шүүдүрүм» аттуу чыгармачыл топтун жана бул топтун мүчөсү Бердимуратова Айжамалдын «Нурга жуунган шүүдүрүм» аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.

"ШҮҮДҮРҮМ" ТОБУНУН БЕТ АЧАРЫ

Кечени Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Кадырбек Батыркулов ачып, жалпы китеп сүйүүчүлөрдү 14-февраль китеп күнү менен куттуктады.
«Булакты көрсөң, көзүн ач» демекчи,
мындай жакшы саамалыкты шаарыбыздын Д.Шопоков атындагы №4 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими, республикага аттын кашкасындай таанымал устат агайыбыз Мүсүралиев Байышбек демилгелеп, «Шүүдүрүм» аттуу чыгармачыл топту түптөдү.

"ШҮҮДҮРҮМ" ТОБУНУН БЕТ АЧАРЫ

Агайдын топту түзүү максаты калемгерлердин талантын ачып, жалпы шаардагы чыгармачыл инсандардын башын бириктирүү болуп эсептелет.
Жашоо сүртүмдөрүн ырга салган Айжамал Калпакбаевнанын жаңы китеби, окурмандарын зал ичинен таап, көркөм окууга каалоочулар биринен сала бири чыгып, китеп барагына жан киргизишти.

"ШҮҮДҮРҮМ" ТОБУНУН БЕТ АЧАРЫ

Ар бир каалоо-тилектердин ортосунда Токтогул атындагы №1 мектептин окуучулары музыкалык белектерди тартууласа (жетекчиси Рахат Тагаева), Д.Шопоков атындагы№4 мектептин окуучулары сахналаштыруу көрсөтүшүп (жетекчиси Раиса Тезекбаева) өздөрүнүн жана автордун чыгармаларынан көркөм окуп беришти
Жалпысынан топко 20дан ашык чыгармачыл инсандар мүчө болуп киришти.
Топтун мүчөлөрү, жаш акындардын саяпкери Байышбек Казыбековичке ыраазылык билдиришип, бул топтун ишин алга жылдырууга бир багыттуу иш алып баруу үчүн, өз ойлорун ортого салышты.

Т. К. Орозова, Кара-Көл шаары

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер