«СЕЙТЕК» МЕКТЕБИНИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • 03.10.2018
  • 0

Кыргызстандагы «Сапат» мектептери — сапатка иштеген заманбап билим уялары

«СЕЙТЕК» МЕКТЕБИНИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

 «Ак төөнүн карды жарылып», күркүрөп турган күздүн  24-сентябрында эртең менен «Сапат» эл аралык  билим берүү мекемесинин тутумундагы «Сейтек» мектебине жөнөдүм. «Сейтек» мектебине  бет алышым кийинки мезгилдерде Кыргызстандагы Түркиянын «Себат» (мурдагы аты) мекемелерине карата болгон терс маамилеси жана аларды «Маариф» диндик фондусуна өткөрүү жөнүндөгү  Түркия тараптын  поизициясы себеп болгондугун айта кетейин. Менин «Сапат» мектептериндеги билим берүүнүн абалы менен мурдатан тааныштыгым бар эле. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы илимий мекемеде иштегендигимден улам «Сапат» лицейлери, мектептери менен карым-катышта болуп келе жатам. Буга байланыштуу мындан эки-үч жыл мурун «Туңгуч» кичи районуна көчүп келип жайгашкан «Сейтек» мектебинин бүгүнкү кырдаалдагы ал-жайын сурап, ички турмушунан кабар алайын деген ойдо болдум. «Сейтек» биринчи тышынан көргөндө эле жагымдуу таасир калтырат. Төрт кабаттуу кооз имарат, имараттын үч тарабына тең «Сейтек» деп улуу «Манас» эпосунун каарманынын аты бадырайып жазылган. Көздү кубандырган бул жазуудан улам улуттук баалуулукка басым койгон «Сейтек» мектебинин патриотизмине, мекенчилдик философиясына ичиң жылыйт. Биздин Кыргызстандын чиновниктери адатта «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген сыяктуу аттардан дайыма чочулап, улутчул деп айтпасын, сак бололучу деп коркуп турушат. Тоталитардык коммунисттик идеология тарбиялаган көнүмүш да. А бул жерде мектепке «Сейтек» деп бакыйтып жазып койгон. Эң сонун. Анан дагы имараттын короосунун дубалдары кыргыздын бозүйүнүн түндүгүнүн жасалгасы менен тегерете кооздолгон. Кыскасы, жакындаганда эле, «Сейтектен» улут маданиятынын илеби келип, өзүнө тартып турат.

Менин «Сейтек» мектебинин мүдүрү Автандил Тешебаев тосуп алды. Мектептин кире беришине Кыргызстандын желеги, Герби жана Гимни илинген. Коридорлор менен басканыңда өзүнчө эле бир этномаданият чөйрөсүнүн атмосферасына туш болосуң. Кыргыз жеринин жаратылышын, улуу тоолорун, ак калпак калктын каада-салттарын, руханий мурас-байлыктарын чагылдырган түркүн стенддер, полотнолор, картиналар, жасалгалар, окуучулардын тарткан этносүрөттөрү көз жоосун алат. Имараттын ичи таптаза. Эртең менен сабак Кыргыз Республикасынын гимнин ырдоо менен башталат экен. Жуманын аягында мектептеги сабак гимнди ырдоо менен жабышат. Мындагы ар бир окуучу өлкөбүздүн гимнин жатка билет. Мектептин ичин аралап жүрүп, биздин шаарлардагы жана айылдардагы кыргыз, орус мектептери да ушундай болсо деген ойго келбей койбойсуң. «Сейтектин» мүдүрү Автандил мырзанын кабинети да этномаданиятка чулганып жасалгаланган. Кабинеттин төрүндө улуу Манас  атабыз менен Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөрү жаркырап турса, дубалдарды айланта Ала-Тоонун пейсаждары илинген. Бир сөз менен айтканда, сырткы жасалгасы боюнча «Сейтекти» Кыргыз Республикасынын руханиятын, Сейтек баатырдын духун алып жүргөн мектеп деп айтпай коё албайсың. Бул жерде дин идеологиясын, Түркия идеологиясын жайылткан эч нерсе көрүнбөйт.

«СЕЙТЕК» МЕКТЕБИНИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Окуу-тарбия процессинин ички мазмуну боюнча да «Сейтек» заманбап мектеп. «Сейтек» өзүн бүтүрүп чыккан окуучунун төмөндөгүдөй моделин ишке ашырууну максат кылат:

«Сейтек» мектеби тарбиялаган үзгүлтүксүз инсандык өнүгүүгө умтулган, ар тараптан өнүккөн, акылдуу жана адептүү инсандын сапаттары төмөндөгүдөй болмок:

Жарандык укугун жана милдетин билүү менен коомдо жашоонун моралдык-укуктук эрежелерин сактай  алат.

Таанып-билүүсүн өнүктүрүүгө умтулуу менен билимин толуктап, колдоно алат.

Ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, сергек жашоонун багыттарын билет.

Өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруп, жетектеп, жыйынтыктоо менен кийинки чекти белгилейт, умтулат.

Өз мекенин сүйүп, улуттун маданиятын, тарыхын, каада-салтын баалап, сактай билет, көркөм-эстетикалык табитин, ой –жүгүртүүсүн кеңейтүүгө үйрөнөт.

Дүйнө таанымы артып, жаратылыштын ар түрдүү табигый  мыйзамдарын билүүгө терең аракеттенет.

«СЕЙТЕК» МЕКТЕБИНИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Ушул моделди ишке ашыруу үчүн «Сейтекте» эмгектенип жаткан педагогдор жамаатынын курамынын 90 пайызы кыргыз улутундагы мугалимдер. Жогорудагыдай асыл максаттагы билим-тарбия берүүдө «Сейтек» мектеби Кыргыз Республикасынын билим берүү стандартына, Билим берүү жана илим Министрлиги бекиткен базалык окуу планына, окуу программаларына негизденет. «Сейтек» кыйла бай китепканага, ошондой эле, электрондук китепканага, жетиштүү материалдык-техникалык базага, заманбап инновациялык-информациялык технологияга ээ. Ар бир класста жөнөкөй доска да, интерактивдик доска да бар. Окуу программалары окуучунун  сабакка кызыгуусун арттырууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталып түзүлгөн. Мугалимдердин сабак өтүүсү да компетенттүүлүк парадигмасынын нугунда, заманбап методикага таянуу менен жүзөгө ашат. Сабакта мугалимге ассистент  жардам берип турат. Илимий-усулдук иштер, тарбиялык-уюштуруу иштери, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу маселеси дайыма көңүлдүн борборунда. Ата-энелер балдарынын окуу жеткишкендиктерин, чүрпөсүнүн кандай окуп жаткандыгын интернеттен көрүп турат. Мектепте Ата-энелер  кабинети уюштурулган жана ата-энелер менен жыйындар үзгүлтүксүз өтүп турат. Ата-энелер менен мектептин кызматташтыгына бул жерде чоң мани берилет. Балдарынын чыгармачылыгын ата-энелер мектепте уюштурулган көргөзмөлөрдөн көрүп турушат.

Инсанга багытталган окутуу, ар бир окуучуга жекече мамиле жасоо, баланын жөндөмдүүлүгүн ачуу  «Сейтек» мектебинин тутунган педагогикалык принциби экенин байкоого болот. Негизги сабактар бүткөндөн кийин окуучулар өздөрү каалаган, жан дүйнөсү самаган, шыгына, талантына туура келген, тереңдетип билим бере турган ар кандай кошумча сабактарга, кружокторго, билим курстарына тарап кетишет. Бирөө математика кружогуна, бири музыкага, ритмикага, бири сүрөткө, бири кол өнөрчүлүккө, бири артисттик жөндөмүн сынай турган сахнага, түркүн спорттук секцияларга киришет. Ушунун баарына «Сейтектин» ичинде шарттар түзүлгөн. Жөндөм-шарттар боюнча кошумча сабактарга кирердин алдында балдардын баарына мектептин заманбап ашканасынан тамак берилет. Кыскасы, бул мектепте балдардын өнүгүшүнө колдон келишинче бардык аракеттер жумшалат экен. Ойлонолучу, ушундай  мектептер Кыргызстанда көпбү?

Окуучунун заманбап моделин жүзөгө ашырууга болгон аракеттер «Сейтек» мектебинде кандай практикалык натыйжаларга алып келип жаткандыгын конкреттүү мисалдар менен көрүп өтөлү. Мынакей, караңыз.

2017-2018-окуу жылындагы окуучулардын жыйынтыктары:

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн окуучулардын олимпиадасынын 5-6-класстар аралыгындагы жыйынтыгы:

Алтын – 9, күмүш – 11, коло-3, жалпы баллы 52.

Эл аралык олимпиадалар:

Африка өлкөсүндөгү Кения шаарында өткөрүлгөн Golde Climate» деген аталышта өткөрүлгөн экологияны коргоо боюнча проекттик 11 жаштан жогорку курактагы окуучулардын олимпиадасына катышып, 22 өлкөнүн ичинен 147 проект каралып, төмөндөгү окуучулар 3 коло медалга ээ болду жана командалык 1 алтын медалга ээ болушту:

  • Асанова Аяна
  • Зарыпбекова Эркайым
  • Абдуллаева Аная

Казакстандагы Алма-Ата шаарында өткөрүлгөн информатика предмети боюнча Infomatix» проекттик олимпиадага 4 окуучу катышып, кызыктыруучу сыйлыкка ээ болушкан:

  • Советов Батырхан
  • Абдуллаев Аятулла
  • Сыдыков Алихан
  • Жусупов Таин

Америкада өткөрүлгөн Genius Olympiad» 2018 экологияны коргоо темасындагы  проекттик олимпиадага мектептин окуучулары катышып төмөндөгүдөй ийгилик жаратышты:

  • Турабаев Кубаныч 6-д класс – Гран принин ээси
  • Асаналиев Тилек 6-д класс-күмүш
  • Темиралиев Умар 6-в класс-күмүш
  • Сыдыков Алихан 6-г класс-коло
  • Зулумов Данияр 5-е класс-коло
  • Сүйүнбаева Аделия 5-д класс-коло
  • Султанова Каныкей – 6-б-кызыктыруучу сертификат
  • Рысбергенов Адиль – 6-д класс-кызыктыруучу сертификат

Мына ушундай жетишкендиктер окуу процессинин бийик билим берүүчүлүк максаттарга негизденип, жаңы инновациялык технологияга таянып, компетенттүүлүккө, реалдуу натыйжага эсептелип уюштурулушунан улам болуп отурат.

«СЕЙТЕК» МЕКТЕБИНИН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Дегеле, «Сейтек» мектебине тиешелүү жаңылыктар жалпы эле Кыргызстандагы «Сапат» лицейлерине да негизинен мүнөздүү десек жаңылышпайбыз. «Сапат» билим берүү мекемесинин мектептери дүйнөлүк педагогикадагы алдыңкы идеяларды  Кыргызстанда жүзөгө ашырууга аракет кылып жаткан билим уялары катары бааланууга татыктуу. «Сапат» лицейлеринин 1994-2017-жылдар аралыгындагы мына бул көрсөткүчтөрүн эле карап көрөлү. Бул мезгил  аралыгында «Сапаттын» окуучулары эл аралык, дүйнөлүк олимпиадаларында 72 алтын медалды, 125 күмүш медалды, 216 коло медалды жеңип алышып, Кыргызстандын билим берүүсүнүн алдыңкы чегин даңазалашкан жана аброюн көтөрүшкөн.

Кыргызстандагы «Сапат» мектептерине Түркиянын ички турмушудагы  саясий окуялардын  ыңгайынан карап, же болбосо, чет өлкөнүн талабы менен терс чечим чыгарууга болбос эле. «Сапат» мектептеринин Кыргызстандын жана Туркиянын кызыкчылыктарына каршы бир нерселерди иштегендиги жөнүндө улуттук коопсуздук комитетинин да, ички иштер министрлигинин да ачыкка чыгарган эч кандай фактысын коомчулук уккан да, көргөн да жок. Ата-энелердин бул мектептерге мамилеси оң. Себеби ата-энелер «Сапат» лицей, мектептери ала-тоолук балдардын келечеги үчүн иштеп жатат деп түшүнүшөт. Түркиянын президенти Кемаль Ататүрк бир кезде келечекте СССРдин курамындагы түрк элдери бара, бара эркиндикке чыгат. Ошондо аларга жардам берүүгө даяр болушубуз керек деген насаатын айткан экен. 1990-жылдарда «Себат» билим берүү мекемеси Ататүрктүн ушул осуятын аркалап, Кыргызстанда өз ишин баштаган болуу керек деп чын пейилден ойлонобуз. «Сапат» лицейлерин сактап, өнүктүрүп, башка кыргыз,орус мектептерин булардын деңгээлине көтөрүп чыгуу керек. «Сапат» мектептеринин илим-билимди үйрөтүү менен улуттук баалуулуктардын негизинде балдарды тарбиялоого умтулуусу мекенибиздин мүдөөлөрүнө ылайык келет: Ушундай ойлор менен «Сейтек» мектеби менен коштоштум.

 

 

      Советбек Байгазиев,  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер