“САНАРИП МУГАЛИМ” САЯКАТКА ЖОЛ АЧТЫ

  • 24.05.2022
  • 0

Улуу ойчул Жусуп Баласагындын миң жыл мурун жазылган: “Окугандар акылдуу, улук болоор, Билимдүүгө түгөнбөс байлык конор” деген ыр саптары азыркы учурда деле маанисин жоготпой келет. Коом өзгөргөн, азыркы заманбап технологиялардын өнүккөн учурунда мугалимдердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүп, тажрыйбасын жайылтууга “Санарип мугалим” конкурсу зор өбөлгө түзүүдө.

Мугалим күндө окуп турганда гана окуучу менен ата-эненин, жалпы коомчулуктун баркына ээ болот. Өзүмдүн кесипкөйлүк деңгээлимди текшерип көрүү максатында “Санарип мугалим” конкурсуна катыштым. Бул жарыштын шары менен пайдалуу, заманбап ыкмаларды үйрөнүп, башкаларга да үйрөтө алдым. Биз кызыктуу китептерди окудук, жаңы технологияларды кеңири өздөштүрүп, ата-энелер менен биргеликте иш алып бардык. Бул конкурс мен өңдүү катышуучуларды чыгармачыл иштеп, талыкпай изденүүгө шыктандырды.

Бул конкурстун жыйынтыгында республика боюнча 62 мугалим Өзбекстанга саякат жасоого жолдомо алып, 3-5-май күндөрү Ташкент, Самарканд шаарларын кыдырып келдик. Тарыхый жана заманбап архитектурасы кооз жайлар бизге өзгөчө таасир калтырды.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов “Коомдун зор жүгүн мугалим көтөрөт” деп айткандай, мен дагы бул коомдо окуучуларыма татыктуу билим берүүгө аракет кылам. Бул конкурстун негиздөөчүсү Асылбек
Мадалиевге чоң ыраазычылык билдирем.“САНАРИП МУГАЛИМ” САЯКАТКА ЖОЛ АЧТЫ

Айжамал Меңдибаева,
№20 О.Маканов атындагы орто мектебинин англис тили мугалими, Кадамжай району, Айдаркен шаары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер