Санарип Академиясы Балыкчы шаарында
- 19.02.2025
- 0
Санарип Академиясынын негиздөөчүсү А.А.Мадалиев жана Академиянын директору Наби уулу Бекмамат Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарына иш сапары менен барышты. Шаардык деңгээлдеги иш чарага Балыкчы шаарынын Мэриясынын аппарат жетекчиси А.Б.Байгазиев, Балыкчы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кулубекова А.К. жана колледждин директору Ж.Б. Иманканова, мектеп, бала бакча жетекчилери катышты. Иш-чаранын алкагында, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи менен ар тараптуу кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Ошондой иш-чаранын экинчи этабында шаардык билим берүү мекемелеринин методисттери, мугалимдери, тарбиячыларына Санарип мугалим, Санарип тарбиячы, жасалма интеллект курстары боюнча тренинг өтүлдү.
Санарип Академиясы тарабынан жасалма интеллекти билим берүү процессинде колдонуу боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү. Бул мугалимдерге сабактарды заманбап кылууга жана окуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет.Иш чаранын кийинки этаптабында Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинин педагогикалык багыттагы адистиктеринин студенттери жана Балыкчы шаардык жалпы орто мектептеринин жогорку класстын окуучуларына Санарип Академиясы тууралуу маалымат берилип, Санарип окуучу курстары боюнча тренинг өткөрүлдү.
Санарип Академиясынын Балыкчы шаары боюнча координатор Искакова Бактыгүл Курманбековна.
Комментарийлер