САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

  • 07.06.2020
  • 0

Талас районундагы Г. Орозалиева атындагы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Саадат Бабырова карантиндеги  мугалимдер менен дарыгерлердин эмгегин баалап, жалпы журтка кайрылуу жолдоду.

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Кыргыз элим кылымдарды карыткан,
Урпагыбыз улуу ата-бабамдын.
Касиеттүү Талас жерин мекендеп,
Манас атам туу көтөргөн байрагын.

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Кыйын күндө Манас атам колдогон,
Умай энем аластаган элимди.
Оору, сыркоо, ылаң деген балээден,
О Теңирим, сакта кыргыз элимди!

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Ар бир үйдө ата салты уланып,
Ыйман менен жаркып турсун жүзүбүз.
Комуз күүсү коштоп өмүр кемесин,
Манас айтып, улуу жолун уласын!

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Мектеп жабык, шаңга толгон күндөр жок,
Үйдөн окуп, теле сабак көрөбүз.
Мугалимдер- асыл жандар ардактуу,
Ата-энеге сабыр тилеп келебиз.

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Сагындык мектеп, биз сени,
Сабакты, борду, досканы.
Билимге терең умтулган,
Сүйүктүү окуучуларымды.

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Акыл-ой калчап бир жүргөн,
Сагындык эже-агайды.
Ардактуу кесип ээлери,
Кесиптештер, сагындык биз силерди!

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Айыл жери берекелүү ыйык жер,
Карантинди эмгек менен өткөрөт.
Ак эмгектен бакыт таап элибиз,
Балдарын да ак эмгекке үйрөтөт.

САГЫНДЫК МЕКТЕП, БИЗ СЕНИ!

Кыйын күндө дарыгерлер иштеди,
Үйдө болбой, далай таңды атырып.
Гиппократтын антын берген асылдар,
Дарыгерлер — жараткандын жер үстүндөгү балдары!

Бөлүшүү

Комментарийлер