САДЫР ЖАПАРОВ: “МЕКТЕПТЕР БИЗДИН ЭҢ МААНИЛҮҮ ТАРМАГЫБЫЗ, ЭҢ БААЛУУ ӨНӨР ЖАЙЫБЫЗ”
- 18.08.2025
- 0
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ошто өтүп жаткан иш-чараны ачып жатып, кылымда бир жолу келген өзгөрүүлөргө багытталган жаңы педагогдордун форуму экенин баса белгиледи.

— Биз бир жыл бою Президенттин тапшырмасы менен мугалимдерди сандан сапатка өтүүдө жаңы муундагы жаратман окуучуларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп келдик. Мындан ары август кеңешмеси ар бир региондо өтүп, ал жердин өнүгүүсү, ийгиликтери менен таанышат, — деди ал.
Андан соң онлайн форматта КР Президенти Садыр Жапаров агартуучуларды жаңы окуу жылы менен куттуктап, окуу жылы жаңылануу менен башталсын деди.
— Урматтуу агартуучулар жана мугалимдер! Ардактуу ата-энелер! Бүгүн кыргыз билим берүү системасы терең өзгөрүүлөрдүн доорун баштан кечирип жатат. Өлкөнү ийгиликтүү мамлекеттердин катарына кошулуунун негизги жолу – сапаттуу адамдык капиталын тарбиялоо жана өнүктүрүү. Бул иштин алдында Сиздер мугалимдер турасыздар. Сиздер коомдон бир канча кадам алдыда жүрүп, окуучуларга бүгүн да, эртең да керек болгон билимди, тарбияны берип, аларды өзгөрүп жаткан дүйнөгө даярдайсыздар. Мугалим — элдин авангарды. Ошондуктан күн сайын изденүү, жаңылануу, усулдарды жакшыртуу – Сиздердин кесиптик милдетиңиздер. Биз шарттарды түзүп жатабыз. Жаңы мектептер курулууда, заманбап ноутбуктар берилүүдө, жаңы муундагы окуу китептери даярдалууда. Эң негизгиси — ар бир окуучуга камкордук менен мамиле кылуу, ар бир бала өзгөчө, ар биринде талант бар. Мектептер — биздин эң маанилүү тармагыбыз, эң баалуу өнөр жайыбыз. Анткени чыныгы улуттук баалуулугубуз – жаш муун. Алар гана Кыргызстанды жогорку деңгээлдеги өнүгүү жана бакубатчылык жолуна алып чыга алышат. Ар бириңиздерге чыгармачылык ийгилик каалайм, жаңы окуу жылы жаңылануу менен башталып, чоң жетишкендиктер менен башталсын, — деди өз кайрылуусунда өлкө башчы.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер