С.ЖАПАРОВДУН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ АЧЫЛДЫ

  • 26.12.2025
  • 0

25-декабрда IV Элдик курултайдын ачылышында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда өлкөдө 94 объект ачылды.

С.ЖАПАРОВДУН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ АЧЫЛДЫ

Билим берүү тармагын алсак, алыскы Нарын шаарында №2 В.Чкалов атындагы орто мектептин жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин жаңы имараттары пайдаланууга берилди.

С.ЖАПАРОВДУН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ АЧЫЛДЫ

С.ЖАПАРОВДУН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ АЧЫЛДЫ

С.ЖАПАРОВДУН ОНЛАЙН КАТЫШУУСУНДА ЖАҢЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ АЧЫЛДЫ

В.П.Чкалов атындагы жалпы билим берүүчү №2 мектебинин кошумча 500 орундуу билим уясы 178 миллион сомго курулду. Ал эми  Ж.Чолпонбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү   №10 мектептин жаңы имараты  375 орундуу мектеп республикалык бюджеттен 168 миллион 964 сомго каржыланып  салынды. Ошондой эле Баткен облусунда 11 объект пайдаланууга берилсе, анын ичинен үчөө билим берүү мекемелери. Алар: Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу З.М.Бабур атындагы мектеби; Лейлек районунун Кулунду айылындагы Т.Жолдошев атындагы орто мектеби капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү жана Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылындагы гимназия мектеби капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Мындан сырткары Бишкек шаарында №88 «Баластан» жаңы бала бакчасы эшигин ачса, капиталдык оңдоодон кийин инновациялык технологиялар мектеп-лицейи ачылды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер