СӨЗ ЭРКИНДИГИ — ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ

  • 18.07.2023
  • 0

Акыркы кездерде блогерлер айланасында болуп жаткан окуялар эгемендүү Кыргызстандын отуз жыл ичиндеги эң көрүнүктүү жетишкендиги — сөз эркиндигине доо кетириши ыктымал.

СӨЗ ЭРКИНДИГИ — ЭҢ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ

Арийне, Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда (1948) сөз эркиндиги демократиялык мамлекеттин эң негизги принциптеринин бири деп таанылган. Тоолуу өлкөбүз жогорудагы эл аралык эң маанилүү документке өзүнүн берилгендигин билдирип, бир топ укук коргоо уюмдарынын сын пикирлерине карабай кайсыл бир деңгээлде аткарып келди. Азыр да аткарууда. Ошондуктан Кыргызстан президент Аскар Акаевдин тушунда эле «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деп аталды. Эми ушул бир жагы объективдүү, бир жагы сыймыктуу бааны сактап калуу бизге чоң маселе болуп жатат.

Эмнеден улам дээрсиз? Өлкө ичиндеги   айрым блогерлердин чектен чыккан аракеттеринен улам деп ойлойбуз. Ырас, президент Садыр Жапаров өз сөздөрүндө коррупцияга каршы аракеттенүү зарылдыгын белгилеп, аны коомдун эң башкы көйгөйү деп эсептеп келет. Бул, албетте, туура кадам. Анткени коррупцияга каршы күрөш бүткүл элдик кыймылга айланмайын өз жыйынтыгын бербейт. Өнүккөн өлкөлөрдө жарандык коомдун таасири абдан күчтүү. Бизде болсо, адардын ордун өздөрүнүн тар кызыкчылыгын көздөгөн топтор, айрым бир элге таанылып калган блогерлер ээлеп алган.

Эч ким блогерлерди жаман дебейт. Бирок алар өз укуктары менен катар  коом алдындагы милдеттерин да билүүгө тийиш. Азырынча бизде блогерлер укуктарына гана таянып иш жүргүзүшөт. Бир топтору өздөрүнө текшерүүчү милдеттерди алып алган. Менчик ээлерине же ишкананын жетекчилерине күн мурунтан кат жүзүндө кайрылып барышпай, эшик сүзүп барганы коомчулукту тынчсыздандырууда.

Ушундай фактылардан улам, Кыргызстанда блогерлердин  ишмердүүлүгүн жөнгө салган атайын мыйзам иштелип чыгышы керекпи деген ойго келесиң. Экинчиден, биздин укук коргоо органдарыбыз ар кандай журналисттик иликтөөлөргө бут тоспой, тескеринче жардам берүүгө тийиш. Өз ишин калыс, адилет жүргүзгөн журналисттер, блогерлер көп болсо, бийликке да корррупцияны ооздуктоого жеңил болот.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер