РОБОТОТЕХНИКА ЖАНА МЕХАТРОНИКА АДИСТЕРИ ДАЯРДАЛАТ

  • 06.06.2024
  • 0

Кыргызстанда биринчи жолу робототехника жана мехатроника адистери даярдала баштайт. Мындай жаңы адистик КР Президентине караштуу №99 кесиптик лицейде ачылды.

Лицейдин директору Чынара Урумкалиеванын айтымында, лицейге “Маалыматтык-технологиялар кесиптик лицейи” деген өзгөчө макам ыйгарылгандан бери жаңы маалыматтык технологияларды үйрөтүүгө басым жасалууда.

— Кыргызстанда биринчи жолу бизде робототехника жана мехатроника бөлүмү ачылды. Бизден билим алган балдар Санкт-Петербургдагы Робототехника жана мехатроника колледжинде окуусун улантып кош диплом алат. Механика, электроника, робототехника, жасалма интеллект жана программалоо боюнча беш кесип камтылган программа Питердеги колледж менен биргеликте иштелип чыккан, — дейт.

Анын айтымында бул адистиктер өндүрүштү автоматташтыруучу адистерди даярдайт. Ал адистер Кытайдан келип жаткан өндүрүш жабдыктарын автоматташтыруу процессин колго алып, мамлекетибизге чоң салым кошот деген ишеним бар.

Лицейде мехатроника жана робототехниканын лабораториясын түзүүгө өлкө башчыбыз Садыр Жапаров өзү жардам берүүдө.

Жогоруда аталган №99 кесиптик лицейде андан тышкары, киберкоопсуздук -информациялык коопсуздук боюнча адистерди даярдайт. Алар да лицейден кийин Москвадагы №54 П.Вострухин атындагы байланыш колледжинде билимин улантып, кош дипломго ээ болот.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер