РОБОТОТЕХНИКА БОЮНЧА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН “STEM FIRST” БИРИНЧИ УЛУТТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

  • 06.02.2024
  • 0

2024-жылдын 4-февралында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Бишкекте өткөн робототехника боюнча мектеп окуучуларынын “STEM FIRST” биринчи улуттук олимпиадасына катышты.

РОБОТОТЕХНИКА БОЮНЧА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН “STEM FIRST” БИРИНЧИ УЛУТТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

Аталган олимпиадага Кыргызстандын мектептеринен 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышты. Олимпиаданын жүрүшүндө кызыктуу робот мелдештери жана көрсөтмө оюндар өткөрүлүп, ар түрдүү категориядагы командалар инновациялык долбоорлорду презентациялашты жана коргошту.

Улуттук олимпиаданын 6 жаштан 10 жашка чейинки катышуучулары FIRST LEGO League Explore категориясында, 10 жаштан 16 жашка чейинкилер FIRST LEGO League Challenge категориясы боюнча катышышты.

РОБОТОТЕХНИКА БОЮНЧА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН “STEM FIRST” БИРИНЧИ УЛУТТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

Олимпиаданын негизги максаты — технологиялык жана инновациялык сабаттуулукту өркүндөтүү, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, окуучулардын программалоо көндүмдөрүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында STEM мектеп жамаатын түзүү.

Белгилей кетсек, олимпиада КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Европа Биримдигинин жана “Маариф” билим берүү комплексинин колдоосу менен уюштурулду.

РОБОТОТЕХНИКА БОЮНЧА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН “STEM FIRST” БИРИНЧИ УЛУТТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер