РЕСПУБЛИКАЛЫК ШТАБ: КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫ ТҮШҮНҮҮГӨ ЖАНА ТЫНЧТЫККА, АЛ ЭМИ АЙРЫМ ММКЛАРДЫ КЫРДААЛДЫ КУРЧУТПООГО ЧАКЫРАБЫЗ

  • 23.03.2020
  • 0

Коронавирусттук инфекциянын жайылышына байланыштуу азыр бүткүл дүйнө жүзүндө абал татаал болуп турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Биз баарыбыз жарандарыбыздын коопсуздугуна коркунуч жараткан бул олуттуу маселеге чогуу каршы турушубуз керек. 

Азыр баарыбыз күчүбүздү бириктирип, бири-бирибизге жардам беришибиз зарыл. Ошондой эле тартипти сактоону жана дүрбөлөңгө түшпөөнү унутпоого тийишпиз.  

Биз бардык кыргызстандыктарды, журналисттерди, блогерлерди жана социалдык тармактардын колдонуучуларын өлкөдөгү кырдаалды курчутпоого, эмоцияга алдырбай, мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. 

Биз жагдай азыркыдан дагы оор болуп калышы мүмкүн экенин унутпашыбыз керек. Ар бир адам өзүнүн жакынын алдындагы жоопкерчилигин түшүнүп, үйдөн чыкпай, гигиена эрежелерин сактоого тийиш.  

Азыр бардык кыргызстандыктар үчүн оңой болгон жок. Айрыкча катардагы дарыгерлерге, медайымдарга, вирусологдорго жана башка ыкчам кызматтардын адистерине. Биз алардын өз жанын аябагандыгы, кайраты, элине берилгендиги жана баарыбыздын коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн саат сайын туш болгон тобокелдиктердин алдындагы тайманбастыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. 

Ушул кыйын учурда аларга жана мамлекетке ар бириңиздердин колдооңуздар маанилүү. Биз баарыбыз биримдикте медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүүгө, аларды жөнсүз айыптоо менен ансыз да жеңил эмес жагдайды курчутпоого тийишпиз. 

Обсервация жана карантин жайларындагы жарандарды сабырдуу болууга, болгон шарттарга түшүнүү жана чыдамкайлык менен мамиле кылууга чакырабыз. Мамлекет жарандардын коопсуздугун жана саламаттыгын камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттин жумшап жатат. Биз сиздерге бекем ден соолук жана кайраттуулукту каалайбыз. 

Биз массалык маалымат каражаттарына коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларды ыкчам жана кеңири чагылдыруулары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок, тилекке каршы, айрым журналисттер жана ММКлар жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатып, дүрбөлөң салып, республикада кырдаалды курчуткан учурлар бар. 

Бөлүшүү

Комментарийлер