РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЮНЧА ОНЛАЙН КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ
- 09.03.2021
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Республикалык олимпиаданы өткөрүүнүн эрежелерин жана талаптарын аткаруу боюнча облустук / райондук / шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн / башкармалыктарынын жетекчилери жана жооптуу адистери менен онлайн кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде Олимпиаданы жогорку деңгээлде уюштуруп, катышуучулардын укутарын сактап, бардык катышуучуларга бирдей шарт түзүп берип, адилеттүү жана ачык-айкын өткөрүү талабы коюлду.
2021-жылдын 10-мартында тарых предмети боюнча Республикалык олимпиаданын II (райондук) этабы кайрадан өтөт.
Ал эми Республикалык олимпиаданын III (облустук) этабы 2021-жылдын 24-25-мартында болот.
КР ББИМдин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер