РЕСПУБЛИКА БОЮНЧА АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ 245 МЕКТЕП БАР

  • 24.03.2021
  • 0

Кыргызстанда бүгүнкү күндө министрликтин тизмесине кирген авариялык абалдагы, окууга мүмкүн болбой калган 245 мектеп бар. Ал эми 400 обьект капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Бул тууралуу “Марал” радиосунун түз эфиринде берген маегинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

-Советтер союзунда салынган обьекттердин баары эскирип, жамгыр өтүп, жылытуу системалары бузулуп, ар кандай маселелер чыгып жатат. Буларды жоюу үчүн мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жакын арада болушу абдан кыйын. Бул нерсенин баары экономиканын өнүгүшү менен боло турган көрүнүш. Ошондуктан коомчулукту мектептерди оңдоп-түзөөгө, кем болуп жаткан китеп, компьютерлер менен камсыз кылууга, интернет булактарын кеңири пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп, колдоп берүүгө чакырат элем. Себеби, жергиликтүү ишкер, бүтүрүүчү, ата-энелер жардам бербесе, мектептер бул абалдан чыгып кете албайбыз, — деди Бейшеналиев.

Мындан сырткары билим берүү тармагына бөлүнүп жаткан акчанын 86 пайызы эмгек акыга бөлүнөт. 10 пайызга жакыны керектөөчү буюм жана чыгымдарга кетет. Өнүгүүгө деп атайын акча бөлүнбөйт.Билим берүү жана илим тармагына өнүгүү үчүн акча бөлүнбөсө, бул тармак өзүн сүйрөп кетүүгө күчү жетпейт деп кошумчалады министр.

Бөлүшүү

Комментарийлер