Раззаков шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы өттү

  • 25.10.2023
  • 0

Бүгүн, 25-октябрда Раззаков шаарында мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР Баатыры Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 113 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков баштаган жетекчилер, жалпы район активи катышты.

Алгач улуу инсандын айкелине гүл чамбар коюлуп, анын арбагына багыштап куран окулду. Андан кийин Лейлек районунун билим берүү бөлүмү жана маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мамлекеттик ишмердин өмүр жолу боюнча сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланып, илимий докладдар окулду.

Андан соң жетекчилер И.Раззаковдун музейине барышты. Анда мамлекеттик ишмердин колдонгон буюмдары, кийимдери, архивдик документтери, үй-бүлөсү жана саясий, маданий кызматкерлер менен түшкөн сүрөттөрү, сыйлыктары экспонат катары сакталуу.

Эскерүү иш-чарасында КР Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмердин туулган күнүнүн урматына арналган иш-чара залкар инсандын өрнөктүү өмүрүн, ак эмгегин келечек муунга үлгү катары жеткирүүдө зор мааниге ээ экени белгиленди.

Бөлүшүү

Комментарийлер