ПУТИН МЕНЕН КАТ АЛЫШКАН КАМИЛА

  • 19.08.2021
  • 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп айылындагы В.М.Кайкин атындагы мектептин 7-классынын окуучусу Камила Бексултанова «Салам, Россия!» долбооруна катышып, Москвага алты күндүк эс алууга барып келди.

Камиланын апасы Венера Алымжанованын айтымында, ал 5-класстан баштап РФ Президентине майрамдарда куттуктоолорду жазып, Россиянын жаратылышына, Кызыл аянтка саякатка барууну кыялданаарын электрондук кат аркылуу билдирген.

Камила сынактын жеӊүүчүсү болгондугуна аэропортко барып, учакка түшкөнчө ишене албай койгондугун айтат.

— Менин Путинге жазган катым кабыл алынгандыгын, ушул темада балдар арасында өткөрүлгөн сынакка катышып, жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин бизге Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен айтышкан.  Долбоордун шарты боюнча сынакка 14 жаштан 19 жашка чейинки жаш курактагылар эле катышат экен. Ошондон тарта апам экөөбүз даярданып, 2019-жылы Россиянын тарыхый жерлери туурасында эссе жазып, «Салам Россия» долбооруна катышканбыз. Натыйжада 2020-жылы сынактын жеӊүүчүсү болдум. Бирок анда 13 гана жашта элем. Анан коронавирус пандемиясы башталып, саякат убактылуу жылдырылды. Быйыл 14 жашка толгондо, окуу-тарбиялык алты күндүк эс алууга жолдомо берилгенин угуп, аэропортко барып, учакка түшкөнчө ишенген жокмун. Саякат учурунда Россиянын салты, маданияты, тарыхый жайлары, музей жана башка кызыктуу көӊүл ачуучу программасы менен таанышып, Португалия, Түркия жана Азербайжандан келген кыздар менен достоштум”, — дейт Камила кубанып.

ПУТИН МЕНЕН КАТ АЛЫШКАН КАМИЛА

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер