ПСИХОЛОГДОН ОНЛАЙН ЖАРДАМ

  • 08.04.2020
  • 0

Учурда түзүлгөн кырдаалда тумоого кабылгандар эле эмес, анын айланасындагылар да өзүн кандай алып жүрүшү керек? Жарандардын психологиялык абалына кабатырланган адистер жардам көрсөтүү үчүн онлайн-жардам кызматын уюштурушууда. Бул тууралуу КР Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, АFEW коомдук фондунун психолог адистери иш күндөрү эртең мененки саат 9:00дон кечки саат 18:00го чейин онлайн жардам көрсөтүшөт.

Төмөндө биз фонддун адистеринин телефондорун жазуу менен бирге, адам күтүлгүс кырдаалда өзүн кандай алып жүрүшү керектиги жөнүндөгү кеңири сөз кылмакчыбыз.

Наталья — 0772 515 165; Маргарита — 0705 690 187; Айнура — 0505 257 653 (Айнура кеп-кеңештерди орус жана кыргыз тилдеринде берет).

Оболу “оорулуу” ойдон арылыңыз!

Адистер кандай маалымат болбосун, аны сабырдуулук менен, акыл калчап кабыл алууну сунушташат. Албетте, бул биринчи кезекте терс кабарларга тиешелүү. Кыргызда “Сүйүнгөндөн маңдай жарылбайт, кайгыргандан жүрөк жарылбайт” деген накыл сөз бар. Айткандай эле, адам сырттан алган бардык кабарларды кылдат иргеп кабыл алганы жакшы. Мында жаман кабар уккан адам эле жабыркабастан, жакшы кабарды укканда да ашыкча толкундоодон абалы начарлашы толук ыктымалдыгы жөнүндө айтылса керек.

Жан дүйнөм жабыркабасын десеңиз, төмөндө адистин пикирине кулак салып коюңуз. Коронавирусту адам баласынын башына келген чоң сыноо катары баалаган психолог-психо-терапевт Дөөлөткан Кабыкова, бул сыноодон баарыбызды татыктуу өтүүгө чакырат.

— Коронавирус пандемиясы жана карантинге байланыштуу адамзатын психологиялык жактан түйшөлткөн түмөн суроолор жаралып жатат. Биринчи жана эң маанилүү суроо – ушул кырдаалдан канткенде жан дүйнөбүздү, бири-бирибизди жабыркатпай чыгып кете алабыз?” деген суроо экени талашсыз. Себеби, акыркы күндөрдөгү жагымсыз окуялар баарынын жан дүйнөсүн түйшөлтүп, стресске кабылтып, паника жаралып жатат. Баардыгыбыз жакшы кабарга, психологиялык жардамга муктаж болуп жаткандыгыбызды жашырбай ачык айтып, адистерден кеп-кеңештерди уялбай сурап билип алуу керек деп эсептейм.

“Айланабызда баары эле акыр заман келгенсип эшикке чыкпа деп жатса кантебиз?” дешет. Эң биринчи, карантин убактылуу иш-чара экендигин түшүнүүгө тийишпиз. Азыркы кырдаал сөзсүз түрдө оң жагына оңолооруна ишенүү, ошол кырдаалды оңдоо өзүбүздүн гана колубузда экендигине так түшүнүүбүз зарыл.

Экинчиден, сырттан келип жаткан кабарларды туура талдап, таразалап кабыл алуу керек. Маалымат өтө көп. Анын баарын кабыл ала бербей, өзүңүз ишенген, авторитеттүү адамдардан жана маалымат булактардан алынган кабарларды гана окуңуз. Бир күндө эки  эле жолу: эртең менен анан кечинде окуңуз. Өтө кеч да окубай эле койгонуңуз оң.

ПСИХОЛОГДОН ОНЛАЙН ЖАРДАМ

Бул күндөрдө жагымсыз кинолорду – вирустар, согуш, апааттар жөнүндө кинолорду көрүп, китептерди окубаңыз. Анткени мээ – виртуалдуу машина, окуялар чындап болуп жатабы же кинодобу же китептеби, ага баары бир. Анткени сиз ошол окуяларды көрүп же окуп жатканда терс эмоцияларга берилесиз, организмде ошол маалда картезол деген стресстин гормону көбөйөт. Ошондуктан позитивдүү кинолорду көрүңүз.

Гигиенаны сактоо жана дем алууну пландаштыруу. Тазалык эрежесин биринчи кезекте так сактоо керек. Ар ким өзүнө ыңгайлуу жай таап, эс алууга аракеттенүүсү керек.

Интернеттин пайдасы канча болсо, зыяны ошончо. Көз карандылык пайда болуп, адам психологиялык жактан жабырлануучу таасирлерди ошол жактан алып жатат.

Бактылуулук гормондорун көбөйтүнүз!

Ар нерсенин оң жана терс жагы болгондой эле, карантинди бири-бирибизди жакыныраак, тереңирээк түшүнүүгө жардамчы катары пайдаланууга аракеттенели.

Балдарга убакыт бөлө албай жүргөн ата-энелерге эң ыңгайлуу шарт түзүлдү. Ата-эне мурда материалдык жактан гана камсыздоого жетишип келсе, эми моралдык жактан жакындашууга жакшы шарт болуп жатат.

ПСИХОЛОГДОН ОНЛАЙН ЖАРДАМ

Адам оюн жана денесин активдүү иштетсе, активдүү кыймыл-аракеттүү оюндар, позитивдүү ойлор бактылуулуктун гормондорун көбөйтөт.

Ошол эле учурда керээли-кечке топурашып чогуу боло бербей, ар бир адам өзүнүн обочо жеринде, бири-бирине тоскоолдук жаратпай бир канча убакыт өзү жалгыз калып, эс алуусу керек.

Күнүмдүк турмуш тиричилигиңизди мүмкүн болушунча физикалык ден соолукту бузбагыдай кылып пландоо керек. Адам ар кандай кырдаалда биринчи кезекте өзүнө-өзү жардам берип, өзүн-өзү колго алууну үйрөнүүгө тийиш. Түзүлгөн абалга туура анализ жүргүзгөнгө жетишкениңизде гана көйгөйлөрдү четтете аласыз.

Эгерде эмоцияңызды болбой эле башкара албай баратсаңыз, оюңузду башка нерсеге буруп, башка нерсеге алаксыганга аракеттениңиз. Мисалы, үйдөгү буюмдарды эсептей баштаңыз. Аны каалабай жатсаңыз деле, өзүңүздү мажбурлап, эмоцияңызды рационалдуу ойлоого жумшаңыз. Сиз туура анализ жүргүзө баштаганда гана айланага туура баа бергенге жетише аласыз.

Күнүмдүк жашоодо бир үй-бүлөдө жашаса да, алыс болгондор арбын. Ушул кризистик кырдаал сөзсүз өзгөртүүлөрдү киргизет. Ал өзгөрүүлөрдү оң жагына оодарып, мурда көрбөй, байкабай жүргөн нерселерге баа берип, сууп бараткан мамилелерди жакындатканга, жылытканга пайдаланса эң сонун болот.

Балдарыңыздын жан дүйнөсүн тыңдаганга, аны түшүнгөнгө аракеттениңиз. Себеби ата-энеси алыс жүргөн балдар эле эмес, бирге жашаган ата-энелер да балдарынан алыстап кеткенин мойнубузга алуубуз парз.

Мына ушундай, достор. Азыркы кырдаалды адистердин кеп-кеңештердин, жакын санаалаш адамдардын жагымдуу сөздөрүн угуп,аларга убакыт бөлүү кезеги деп билиңиз. Баары жакшы болот!

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер